Орозодо кайсы азыктарды чектөө керек? Туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши
RU

Орозодо кайсы азыктарды чектөө керек? Туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орозо айында туура тамактануу менен бирге эле азыктарды да туура тандоо шарт. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан орозо туткандарга бир нече кеңештерди беришти.

Орозо кармаган адамга сунушталат:

  • Ооз ачканда курма менен баштоо керек. Курма – узак убакыт бою энергия менен камсыз кылуучу углеводдун булагы, ошондой эле тамак сиңирүү системасынын иштешин жөнгө салат. Магний жана калийге да бай.
  • Сууну көбүрөөк ичүү керек. Мисалы 1 кг салмакка 30 мл суу туура келет. Ушул нормага ылайык суусундук ичүү өтө суусатпайт.
  • Тамактануу рационунда мөмө-жемиштер көп болушу керек. Алар организмди сергитип, суунун балансын толуктайт.
  • Ооз ачары менен эле дароо тамактануудан кармануу керек. Бир аз убакыт өткөндөн кийин негизги тамакка өткөн оң. Ашыкча тамактануу тамак сиңирүүнү жайлатып, ашказан оорусуна алып келиши мүмкүн. Ооз ачканда шорпо ичүү эң жакшы тамак болуп саналат, организмди пайдалуу заттар менен толуктайт жана оор тамактарга даярдайт.
  • Орозо айында баш оорудан жана уйкусуздуктан качуу үчүн кофе ичүүнү азайтуу керек.
  • Дан эгиндерине, кургатылган жемиштерге, жаңгактарга, буудай дандарына, буурчактарга, жүгөрүгө, жасмыктарга, этке, жумуртканын агы, сырга, бананга жана жашылчаларга басым жасаган оң.
  • Негизги тамакты үч бөлүккө бөлүп алган туура. Үчтөн бири углеводдор, үчтөн бири майсыз эт же балык, калганы жашылчалар. Бул балансталган тамактанууга кирет.

Суншуталбайт:

  • Суусата турган тамактар - туздуу тамак-аш, консерва, туздалган жаңгак, бадыраң, балыктарды чектөө керек.
  • Таттуу азыктар тамак сиңирүүнү начарлатат. Мындан тышкары кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатат, бул таттууга болгон эңсөөнү пайда кылат. Андыктан ооз ачкандан 2-3 сааттан кийин жеген сунушталат. Бирок таттууларды пайдалуу азыктарга алмаштырган жакшы - курма, кургатылган жемиштер.
Орозо-2023 (6 статей)
Курман айттын датасы белгилүү болду
19 Июнь 2023, 09:42
Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Кантип тосуу керек?
12 Апрель 2023, 14:45
Орозо айынын аймактар боюнча календары
22 Март 2023, 18:00
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11078