13 жашында кордолгон секелектин иши. Сот бир милициянын өкүмүн өзгөртүп, ишке чекит койду
RU

13 жашында кордолгон секелектин иши. Сот бир милициянын өкүмүн өзгөртүп, ишке чекит койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын бири - милиция кызматкерине карата өкүмдү өзгөрттү. Бул туурасында жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Айтымында, Бишкек шаардык соту буга чейин бир милиция кызматкерин 6 жылга кескен.

"Жогорку Соттун коллегиясы 1,5 жыл эле кошуп, жалпы 7,5 жылга эркинен ажыратты. Ал эми калган айыпталуучулар боюнча шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды", - дейт Султанов.

Жактоочу жана кыздын ата-энеси мындай өкүмгө нааразы. Алар биринчи инстанциядагы чечимди кчүндө калтырууну суранышып, экинчи инстанциядагы чечим мыйзамсыз дешкен. Бирок жабырлануучу тараптын аргументтери эске алынбай, суранычы канааттандырылган эмес.

"Ошол эле учурда айта кетчү нерсе, шаардык соттун судьялары маалымат жыйын өткөрүп, иш эски кодекс боюнча квалификацияланганын айтышкан. Бул таптакыр туура эмес. Алар айыпталуучунун жазасын жеңилдетүү үчүн милиция кызматкеринин үй-бүлөлүк абалын, жаш курагын жана жашы жете элек балдарынын бар экенин көрсөтүшкөн. Бирок бул өзгөчө оор кылмыш болуп жатса, кантип жеңилдетүүчү жагдайларга көңүл бурса болот? Сот биринчи кезекте кылмыштын оордугун, анын даражасын жана мүнөзүн, коомдук коркунучун, кесепеттерин эске алуусу керек болчу", - деп кошумчалады Султанов.

Ал белгилегендей, жабыркаган кызга бүгүнкү күндө психологиялык жардам керек. "Учурда ал үчүн адамдар менен, өзгөчө карама-каршы жыныстагы адамдар менен мамиле түзүү жана баарлашуу кыйын. Ал өзүнө ишенбейт, өзгөчө чоңдорго, анткени өзүн кооптуу сезет", - деп түшүндүрдү юрист.

"Биздин сот системасынын жүзү ушундай, пост жарыялаган адам 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 14 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыш жасаган адам дагы 7 жаза алат", - деп нааразы болду Султанов.

Окуя тууралуу кыскача:

13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 8-июлунда сотто карала баштаган. Кылмыш ошол жылдын февраль айында жасалган.

Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү – официанттын ишин караган. Сот аларды 10 жана 15 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Бишкек шаардык сот айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

2023-жылдын 13-мартында Жогорку Сот айыпталуучулардын бири - официанттын ишине чекит коюп, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык, айыпталуучу 8 жылга кесилген.

Сүрөт иллюстрациялык. Автор: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11376