Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үйдүн ордуна жаңы там салынууда. Видео
RU

Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үйдүн ордуна жаңы там салынууда. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушунда жер мунапысына байланыштуу 4 баласы менен жашап жаткан Эркинбек Жолдошов менен Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн. Бул окуяга президент баш болуп реакция кылып, үй-бүлө убактылуу батирге көчүрүлгөн.

Бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасы менен ошол эле жер тилкеге 4 бөлмөлүү жаңы там салынууда. Эркинбек Жолдошовдун айтымында, курулушту аягына чейин бүтүрүп, үйгө эмерек, аянтты дарбаза менен тосуу, короонун алдына брусчатка төшөө иштери да бийлик тараптан болот.

Үйдүн ээси Kaktus.kg сайтына курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырды.

Үйдүн салып жаткандар май айына чейин бүтүрүп беребиз дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11286