Журналисттерди коргоо комитети бийликтен "ПолитКлиникага" кысым көрсөтпөөнү талап кылды
RU

Журналисттерди коргоо комитети бийликтен "ПолитКлиникага" кысым көрсөтпөөнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналисттерди коргоо комитети Кыргызстандын бийлигинен "ПолитКлиникага" кысым көрсөтпөөнү талап кылды. Мындай билдирүүнү комитет 11-майда жасады.

Эл аралык уюм 6-майда "ПолитКлиника" интернет басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова УКМКга суракка чакырылганын эске салды. Бул тууралуу Алимова социалдык тармактардагы баракчасында жазган. Ошол эле учурда комитеттин өкүлдөрү аны суракка чакыруу кагазы менен эмес, телефон аркылуу чакырышкан.

Дилбар Алимова Kaktus.media менен болгон маегинде социалдык тармактарда тарап жаткан "Нурланбек Шакиевдин каты" боюнча ага УКМКнын кызматкери телефон чалганын айткан. Пост жарыялангандан кийин УКМКнын кызматкери кайра чалып, айрым суроолорду телефон аркылуу тактоого болорун билдирген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жергиликтүү кызматын күч менен жабуудан тышкары, кыргыз бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабууга аракет кылып, аларды коркутуп-үркүтүүгө өткөнсүйт", - дейт Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбордук Азиядагы программалык координатору Гулноза Саид.

"Кыргыз бийлиги журналисттерди билдирүүлөрү үчүн суракка алууну токтотушу керек, ошондой эле Дилбар Алимова менен "ПолитКлиникага" ээн-эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек".

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12193