"ПолитКлиниканын" башкы редактору Дилбар Алимованы УКМКга суракка чакыртышты
RU

"ПолитКлиниканын" башкы редактору Дилбар Алимованы УКМКга суракка чакыртышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ПолитКлиника" сайтынын башкы редактору Дилбар Алимованы УКМКга суракка чакыртышты. Бул туурасында ал бүгүн, 6-майда Facebook баракчасына жазды.

Коопсуздук комитеттин өкүлдөрү суракка адаттагыдай чакыруу кагазы аркылуу эмес, телефон аркылуу жана коркутуу жолу менен чакырышкан.

"УКМКнын кызматкеримин деп телефон чалып "келип кетиңизчи, бир-эки сурообузга жооп беришиңиз керек болуп жатат" деди. Мен расмий түрдө чакырбасаңар барбайм, тоодо эс алып жүрөм, 10-майда шаарга барам дедим. Мага: "Азыр келишиңиз керек, болбосо биз барып алып кетебиз, Кой-Ташта жүрөсүз" деди", - деп айтылат билдирүүдө.

Дилбар Алимова Kaktus.media сайтына УКМКнын кызматкери социалдык тармактарда тарап жаткан "Нурланбек Шакиевдин каты" боюнча телефон чалганын билдирди. Пост жарыялангандан кийин УКМКнын кызматкери кайра чалып, айрым суроолорду телефон аркылуу тактоого болорун айткан.

Буга чейин социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Нурланбек Шакиевдин бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылган катынын сүрөттөрү тараган. Парламент спикеринин басма сөз катчысы кат жасалма экенин жана Шакиевден андай кайрылуу болбогонун билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12077