"Кафенин ээсине зыянды төлөп берет". Вице-мэр Нурдан Орунтаевге кылмыш иши козголду
RU

"Кафенин ээсине зыянды төлөп берет". Вице-мэр Нурдан Орунтаевге кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевге "Батуми" кафесин буздуурууда кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгодду. Бул туурасында коопсуздук комитеттен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен "Батуми" кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Батуми" кафесинин ээси тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды. Алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, вице-мэр мүлктү жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул боюнча УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Н.Орунтаев тергөө менен кызматташуу убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

*****

24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузууну баштаган. Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган.

Мекеменин ээсинин юристтери вице-мэр Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин, ал Садыр Жапаровдун уулунун атын да колдонуп жүргөнүн айтышты.

25-майда Камчыбек Ташиев жерине барып, кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тиешелүү жетекчилерге тапшырган. Ошол эле күнү Нурдан Орунтаев коопсуздук комитетке суракка чакыртылган.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12543