Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
RU

Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңештин 30-майдагы сессиясына вице-мэр Нурдан Орунтаев келди. Анда шаардык кеңештин депутаттары мэрдин орун басарына бир катар суроолорду берди.

Алсак, шаардык кеңештин депутаты Максат Алымбеков ("Ынтымак") вице-мэр Нурдан Орунтаевге Бишкек мэриясы документи жок объектилерди бузуу боюнча кырдаалды мындан ары кандай чече турганын сурады.

Алымбековдун айтымында, документи жок иштеген ишкерлер бар. Бирок "Батуми" кафеси менен болгон жаңжалдан кийин эки тараптуу кырдаал жаралган.

"Менин угушум боюнча, сиз "Батумини" бузуп баштаганда буга чейин каршы болуп жаткан кафенин ээлери бузууга макул болушкан. Анткени вице-мэр менен тамашалашпаш керек. Андан кийин ЖМКларда менчиктин кол тийбестиги тууралуу маалыматтар чыгып, көп нерсе токтоп калды, эми эмне болот?", - деп сурады депутат.

Орунтаев эч нерсе өзгөргөн жок деди.

"Кандай иштеп келсек, мындан ары да ошондой иштей беребиз", - деп белгиледи.

Депутат Жаныбек Асанбеков ("Өнүгүү-Прогресс") Орунтаевдин маалымат каражаттарынын бирине берген маегине токтолуп, "атактуу болуу кыялына" кантип жетүү боюнча сунушун айтты.

"Эгер атактуу болом десеңиз анда Эмен сейил багындагы "Фрунзе" ресторанын, Панфилов атындагы сейил бактагы "Тюбетейканы", Ак үйдүн артындагы 5 кабаттуу үйдү бузуп салыңыз. Эл сизди колдойт болуш деп ойлойм, акыркы жолу ЖКнын тосмосун алгансыз, эл сизди мактаган", - деди ал.

Ошондой эле депутат "Батуминин" кожоюндарына компенсация төлөп берүү үчүн 3 миллион сомду Орунтаев кайдан ала турганын, ушунча ызы-чуудан кийин вице-мэрликтен кетеби деп сурады.

"Тергөө органдарынын чечимине эч кимдин комментарий бергенге укугу жок. Кетемби же кетпейминби муну сиз чечпейсиз. Өзүм чечем. Бул менин жеке чечимим болот. Эгер менин чечимим болсо, аны биринчи угасыз", - деди вице-мэр.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
БШКнын сессиясына Нурдан Орунтаевдин келишин күткөн депутаттарга мэрдин жообу
30 Май 2023, 13:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12635