"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
RU

"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндөгү "Батуми" кафесинин жанындагы башка мекемелер эмне болот? Бул тууралуу суроону Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутат Максат Алымбеков ("Ынтымак") көтөрдү.

Алымбеков мэрия аларды дагы сүрдүрөбү деп сурады.

Буга вице-мэр Нурдан Орунтаев "Батуми" кафесинин жанындагы башка мекемелердин кожоюндары буга чейин эле мэрияга кайрылып, кафесин бузууга даяр экендиктерин билдиришкенин айтты.

"Алар мындан аркы иштөө үчүн башка жер тилкесин бөлүп берүүнү суранышкан. Белгилей кетсек, алардын ижара мөөнөтү соттун чечиминин негизинде узартылган, башкача айтканда, сот органдарына кайрылып, ведомствого мөөнөттү узартууну тапшырышкан", - деп айтылат маалыматта.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
БШКнын сессиясына Нурдан Орунтаевдин келишин күткөн депутаттарга мэрдин жообу
30 Май 2023, 13:24
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12643