"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам. Бийлик кабыл алгысы келген документ
RU

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам. Бийлик кабыл алгысы келген документ

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын күз айларында "Жалпыга маалымдоо каражаты" жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыкканы үчүн бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтышкан.

Мындан улам президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды "жеткире иштеп чыгуу үчүн" деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү.

Негизи Кыргызстанда ЖМК мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген. Күз айларында сунушталган мыйзам долбоору мурунку мыйзамга толуктоо, өзгөртүүсү жок жаңы мыйзам долбоору болуп саналат.

Жаңы "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору

2023-жылдын 15-майында Президенттин Администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун жаңыланган вариантын коомдук талкууга чыгарып, расмий түрдө демилгеледи.

Бирок жарандык коомчулук ауюмунан турган иш тобунун мүчөлөрү анда да алардын сунуштары менен жүйөлөрүн документти иштеп бүтүрүүдө тоотпой коюшуп, алар эске алынбаганын билдиришкен.

Ошентип, парламент мыйзам долбоорун караштыруу жана мүмкүндүү кабыл алуу процедураларын 2023-жылдын 15-июнунда баштап, жарандык коомчулук уюмунун баамында документ парламент тарабынан мүмкүндүү кабыл алынып, 2023-жылдын июль айынын аягынан кеч эмес күчүнө кирмек болгон.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорунун негизги жоболору:

  • Мыйзам долбоорун олуттуу түрдө иштеп бүтүрүү талап кылынат, себеби документте көп сандагы суроолор жана ичинде өз ара жана башка колдонуудагы мыйзамдар менен карама-каршылыктар бар, бул иш жүзүндө ЖМКлардын, каалаган веб-сайт ээлеринин жана жарандардын укуктарынын олуттуу бузулушуна алып келмекчи.
  • ЖМК түшүнүгүнүн так эмес, кеңири жана ошол эле учурда карама-каршы келген аныктамасы түзүлүүдө, бул иш жүзүндө ЖМК деп таанылган жактардын/уюмдардын так чөйрөсүн аныктоо ишин татаалдантып, мындан улам алар мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү болушуп, ошондой эле ЖМК макамына байланыштуу мамлекет алдында отчеттуулугу жана көзөмөлдүгү менен бирге белгилүү укуктар жана милдеттер чөйрөсүнө ээ болушмакчы.
Эмне үчүн маанилүү

Кыргызстанда негизделген дээрлик бардык веб-сайттар ЖМК катары таанылышып, мамлекеттик катоодон өткөрүлөт, ошондой эле ЖМК макамына байланыштуу белгилүү укуктар жана милдеттер чөйрөсүнө ээ болушат.

Бул учурда бир топ олуттуу суроолор жаралууда

  • Эмне себептен бардык сайттарды, анын ичинде ЖМКга тиешеси жок, мисалга эл аралык, чет өлкөлүк, бейөкмөт уюмдарынын, бизнес субъектилеринин, каалаган жеке жана юридикалык жактардын веб-сайттарын дагы ЖМК катары таанып, каттоодон өткөрүү керектиги күмөн.

  • Мыйзам долбооруна ылайык ЖМКнын ээси/негиздөөчүсү каттоодон өткөн күбөлүгүн алган күнүнөн тартып 6 ай ичинде продукциясын өндүрүүгө киришиши зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен учурда көрсөтүлгөн күбөлүк жараксыз деп таанылып, бул иш жүзүндө ЖМКнын мажбурлуу жоюлуусун билдирет.

  • Талдоодон улам каалаган веб-сайттардын ишин токтотуп туруу жана жоюу боюнча кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу менен бийликтин Интернет мейкиндигин катуу көзөмөлгө алууга айкын умтулуусу көрүнүп турат.
  • Балким иштеп чыгуучулар бардык Интернет сайттарды эмес классикалык ЖМК мүнөздөргө ээ, мисалга, коомдо орун алып жаткан түрдүү окуяларды туруктуу негизде чагылдырып тургандарын гана жөнгө салуу максатын көздөшкөндүр. Бирок, веб-сайттарды ЖМК катары таануунун так критерийлерин аныктоонун ордуна жөн гана бардык веб-сайттарды каттоодон өткөрүү сунуш кылынган, бул абдан кыйын, дээрлик ишке ашпас милдет, буга кошумча болуп мамлекеттин эң зор ресурстарын талап кылмакчы.
  • Бардык ЖМКлар жана веб-сайттар жаңы, катаал процедуралар боюнча мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өтүүсү зарыл, бул көптөгөн аракеттеги ЖМКлардын каттоодон өтүүдөн баш тартуусуна, б. а. алардын ишмердүүлүгүн токтотушуна алып келет.
  • ЖМКлар үчүн так эмес жана кеңири аныктамалар орнотулууда, бул негизсиз укук колдонулуучу иш-тажрыйбага, ЖМКлардын ишинин мажбурлуу токтотуусуна жана жоюусуна, веб-сайттардын жабылышына алып келиши мүмкүн. Мындай тыюу салуулардын бири болуп калктын саламаттыгына жана адеп-ахлагына зыян келтирген порнографияны, бир жыныстуу никелерди пропагандалаган материалдарды жайылтууга жол берилбестиги саналат. Мисалга, адамдардын адеп-ахлагына зыян келтирген деген аныктама керек болсо бир өлкө ичинде, этникалык же диний топтун ичинде түрдүү чечмелениши мүмкүн.
  • Сот тарабынан ЖМКнын, веб-сайттын имшердүүлүгүн мажбурлуу токтотуп туруу же жоюусу үчүн так эмес жана кеңири аныктамалар орнотулууда. Буга негиз болуп 12 ай аралыгында мыйзам эки жолу бузгандыгы чыгат, бул учурда эч кандай ченем – жасалган жосун канчалык олуттуу болгондугу, анын кесепеттери эске алынбайт.
  • Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар тарабынан, теле- жана радиоканалдарды, теле-, радио-, видеопрограммаларды, веб-сайттарды түзүүсүнө тыюу салынат, анын ичинде кош жарандыкка ээ Кыргызстан жарандары жана 50%дан жогору чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жактар бар.
  • ЖМКны же Интернет тармагын колдонуп, соттолгондугун жабуу кесепеттерин эске албастан соттолгондугу бар жактардын ЖМКны түзүүсүнө тыюу салынат. Кылмыш-жаза мыйзамдарында соттолгондугу жабылууда жасалган кылмыштын укуктук кесепеттери жоюлат деп көрсөтүлгөн, бирок мыйзам долбоорунда бул туурасында сөз кылынган эмес. Буга байланыштуу иш жүзүндө 15 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу жабылган адамдарга ЖМК түзүүдө баш тартышат. Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдар Президент кызматына жана Жогорку Кеңештин (Парламенттин) депутаты катары соттолгондугу бар адамдардын шайлануусуна жол берет.

Эмне үчүн бийлик сайттарды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүүнү чечти?

Концепцияда эмне үчүн бардык веб-сайттарды ЖМКга теңеп, журналисттер менен бирдей жоопкерчилик тартышы керектиги түшүнүксүз.

Президенттик аппарат "Массалык маалымат каражаттарынын" курамына гезит, радио жана телевидениеден тышкары веб-сайттар киргизип жатканын эске алсак, каттоо бардык сайт ээлерине тиешелүү болот.

Ошондой эле "социалдык тармактагы массалык маалымат баракчалар" түшүнүгү киргизилет. Мыйзамдын сунушталып жаткан редакциясында төмөнкүчө жазылган:

Социалдык тармактагы массалык маалымат каражаттар - атайын аппараттык-программалык каражаттардын жардамы менен даярдалган, электрондук санариптик формада массалык маалыматты жайылтуу үчүн арналган платформа. Туруктуу аталышы, учурдагы номери бар жана жарым жылда бир жолудан кем эмес жаңыланып турган электрондук басылма.

Сайт ээлери Юстиция министрлигине эмнени тапшырышы керек?

  • Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Юстиция министрлигинен күбөлүк алуу үчүн жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
  • менчик ээси (негиздөөчүсү, тең уюштуруучулары) жөнүндө маалыматтар;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарынын аталышы (аты);
  • массалык маалыматты таратуу тили (тилдери);
  • редакциянын дареги;
  • массалык маалыматты мезгил-мезгили менен таратуунун формасы;
  • маалыматты жайылтуу үчүн сунушталган аймак;
  • болжолдуу темалар жана (же) адистиктер;
  • чыгаруунун күтүлгөн мезгилдүүлүгү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын максималдуу көлөмү;
  • каржылоо булактары;
  • өтүнмө ээси кайсы башка жалпыга маалымдоо каражаттарына карата уюштуруучу, менчик ээси, башкы редактору (редактору), басып чыгаруучу же таркатуучу экендиги жөнүндө маалымат;
  • интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы WEB-сайттын домендик аталышы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12889