"ЖМК тууралуу" мыйзам долбоору: Жумушчу топтун өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоду
RU

"ЖМК тууралуу" мыйзам долбоору: Жумушчу топтун өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун медикакоомчулук атынан чыккан мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мындай деп айтылат (толук тексти):

Урматтуу Садыр Нургожоевич! 2022-жылдын 7-декабрында сиздин №230 тескемеңиз менен "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анда мамлекеттик органдардын алты өкүлүнөн башка көз карандысыз медиакооомчулуктан 15 өкүл кирген.

Аталган тескеменин 2-пункту боюнча, жумушчу топко 2023-жылдын 15-майына чейин төмөнкү тапшырмаларды аткаруу тапшырылган:

- Кыргыз Республикасынын "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштелип чыккан вариантын коомдук талкууга коюу.

Ошол эле учурда тескеменин 3-пунктуна ылайык, жумушчу топко мындай укук берилген:

- мамлекеттик органдар менен уюмдардын адистерин ишке тартуу;

- берилген тапшырманы аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан тиешелүү материалдарды жана жардамдарды алуу.

Тескемеге ылайык, жумушчу топтун ишинин уюштуруучулук жагы президенттик администрациянын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнө жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнө тапшырылган.

Тилекке каршы, укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги Марат Укушов, жумушчу топтун жетекчиси болуп туруп, иш жүзүндө топтун ишин үзгүлтүккө учуратып койду.

1. Алты айлык иш учурунда (2022-жылдын 7-декабрынан 2023-жылдын 15-майына чейин) жумушчу топ болгону үч эле жыйынга чогулду. 2022-жылдын 20-декабрында биринчи жолку таанышуу жолугушуусу болгон, анда жумушчу топко жаңы мыйзам долбоорун жаңы жылга чейин берүүнү убада кылышкан.

Экинчи жыйын 2023-жылдын 30-январында болгон, анда укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү мыйзам долбоорунун концепциясын беришмек, мыйзам долбоорунан, башка укуктук ченемдик актылардан келип чыккан мыйзам долбоорунун башка вариантын иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу маселени да карап көрүүгө милдеттенме алышкан.

Үчүнчү жыйын 2023-жылдын 16-майында жумушчу топтун иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин болгон. Жумушчу топтун башчысы Мурат Укушов бир гана жыйынга – 2022-жылы өткөн таанышуу жыйынына катышкан.

Жумушчу топтун мыйзам долбоору боюнча жазышууларында (чат) жыйын өткөрүү тууралуу жазылгандарды жана мыйзам долбоорун ар бир берене боюнча талкуулоо сунуштарын укуктук камсыздандыруу башкармалыгынын өкүлдөрү уккан эмес. Жумушчу топко мыйзам долбоорунун концепциясы берилген, бирок ал чет элдиктердин диссертациялык иштеринен жана илимий макалалардан көчүрүлүп алынган болуп чыккан. Жумушчу топ мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыга турган бул документте медиа уюмдардын ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөнгө салууга зарыл болгон негиз жок болуп чыккан.

- Алты ай иштеген учурда медиакоомчулуктун өкүлдөрү мыйзам долбоорунда тиги же бул ченем өзгөртүлүшү керектиги тууралуу сунуштарын, өзгөртүүлөрүн байма-бай берип жатты. Бирок президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү жумуш боюнча жазышууларда (чат) улам жаңы мыйзам долбоорун жиберип турушту. Анда мурунку вариантта камтылбаган жаңы ченемдер киргизиле берди. Акыркы жолу да ошондой болду. Укуктук камсыздоо башкармалыгы медиакоомчулуктун өкүлдөрүн мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын эскертүүлөр жана сунуштарын кеңири негиздемеси менен 2023-жылдын 10-апрелине чейин берүүгө милдеттендиришти. Бул эскертүү, сунуштарды 10-апрелде алып, укуктук камсыздоо башкармалыгы бир айдан кийин гана, башкача айтканда, 2023-жылдын 13-майында "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын беришкен. Анда ЖМКнын ишин чектөө боюнча төртүнчү вариантта жазылбаган жаңы ченемдер камтылган. Ошол эле учурда укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү жаңы мыйзам долбоорун окуп чыгууга жумушчу топко эки гана күн берип, жумушчу топтун жолугушуусун 2023-жылдын 16-майына белгиледи. Ошол эле учурда "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун сиздин тескемеңиз менен түзүлгөн жумушчу топ менен макулдашпай жана жумушчу топ карай элек мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Иш жүзүндө жумушчу топту эки топко бөлүп койду, аларда теңчилик жана конструктивдүү баарлашуу болгон жок. Жыйынтыгында мыйзам долбоору боюнча алгылыктуу чечим чыгарууга мүмкүн болгон жок. Сиздин тескемеңизде коюлган милдеттер аткарылган жок. Жумушчу топтун мүчөлөрү аталган тескеме боюнча берилген өз укуктарын пайдалана албай калышты.

Укуктук камсыздоо башкармалыгында иштелип чыккан мыйзам долбоору Конституциянын ченемдерине, эл аралык келишимдерге жооп бербейт, коомдо туруктуулукту камсыздоону колдоп турууга өбөлгө боло албайт, ЖМКнын жана журналисттердин укуктарын чектеп, айрым министрликтерде кайталоо функциялары орун алып жана алардын милдетине кирбеген функцияларды жүктөйт. Жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзам долбоору боюнча өз анализдерин дагы өзүнчө беришет.

Алты ай ичинде укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү мыйзам долбооруна бир жактуу өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды берип келди, ошол эле учурда алар жумушчу топтун калган мүчөлөрүнүн макулдугун сурап да коюшкан жок.

Жумушчу топтун мыйзам ченемдүү талаптарына кандай себептер менен бул өзгөртүүлөр кирип жаткандыгы жана алар эмне үчүн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашуу процедурасынан өтпөгөндүгү тууралуу түшүндүрүп берүү талаптарына укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү жооп беришкен жок.

- 2022-жылдын 15-ноябрында медиакоомчулуктун өкүлдөрүнүн, парламент депутаттарынын, эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөн тегерек столдо укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов медиа өкүлчүлүктөн турган жумушчу топ менен мыйзам долбоорун ар бир берене боюнча талкуулоого убада берген. Бирок жумушчу топко мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоого мүмкүнчүлүк берилген жок.

- 2022-жылдын 15-ноябрында медиакоомчулуктун, парламент депутаттарынын, президенттик администрациянын, эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөн тегерек столдо президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов мырза "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоору корутунду чыгарып берүү үчүн Венеция комиссиясына жиберилет деп милдеттенме алган. Бирок бул иш дагы аткарылган жок.

- Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы катары ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол койгон, макулдашылган варианты болушу керек эле. Тилекке каршы, андай документ да жок. Андан дагы президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү мыйзам долбоорун макулдашуу процедурасын жасаган жок. Ошону менен бирге президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун, Жумушчу топтун кеминде 15 мүчөсү менен макулдашылбаган жана бекитилбеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Иш жүзүндө бул президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү иштеп чыккан мыйзам долбоору болуп, президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун медиакоомчулуктан түзүлгөн тобу буга эч кандай тиешеси болгон жок.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Тилекке каршы, жумушчу топтун жетекчиси Мурат Укушовдун жана президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрүнүн конструктивдүү эмес аракетинин натыйжасында, сиздин "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу демилгеңиз жокко чыгарылды, бул кызыктар тарапка жана коомчулукка залал алып келди.

Жумушчу топтун башчысы Мурат Укушов мырзанын жумушчу топтун ишине катышпагандыгы жана президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрүнүн медиакоомчулуктун сунуштарын укпагандыгы, мыйзамдуу мөөнөттү бузуу кесиптик чабалдыктын, иштин ачык-айкын, демократиялык эместигин жана медиакоомчулуктун кызыкчылыктарын эске албагандыгын көрсөтөт.

Президенттин конструктивдүү идеясы жокко чыгарылып жатат, бул дүйнөлүк журналистиканын мыкты практикасын жана актуалдуу тенденциясын, журналисттердин укугун коргоп, сөз эркиндигин камсыздоо боюнча кепилдик бермек.

Президенттин демилгесинин ишке ашырылышын үзгүлтүккө учураткан адамдар өз жазасын алат деп ишенебиз.

Жумушчу топтун башчысынын көпчүлүк алдында берген милдеттенмеси боюнча президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Укушов мырзаны "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун, мыйзам долбоорунун корутундусун берүү үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүнү милдеттендирүүнү суранабыз. Мыйзам долбоорун мындан ары талкуулоо жана мыйзам долбоорун кабыл алуу процессин Венеция комиссиясы корутунду бергенге чейин коё туруу керек.

"ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорунун макулдашылбаган вариантын кабыл алуу эл аралык практиканы жана журналисттик стандарттардын мыкты үлгүлөрүн чагылдырган, ошондой эле сөз эркиндигин жана журналисттердин укугун коргогон мыйзамды кабыл алууга мүмкүнчүлүктү жоготуп алууга алып келет. ЖМК чөйрөсүндө актуалдуу жана натыйжалуу мыйзамдардын жоктугу медикоомчулуктун өнүгүшүнө бөгөт болуп, маалымат эркиндигин чектеп, өлкө ичинде да, эл аралык коомчулукта да ишенимди мокотууга алып келиши мүмкүн.

Ошентсе да, биз, медиакооомчулук арасынан түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү, "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорунүн үстүнөн иштөөгө жана мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча коомдук талкууда да жаран катары активдүү катышууга даярбыз. Биздин ишибиз коомдун кызыкчылыгына жооп берген, Кыргызстанда сөз эркиндигин камсыздап, медианы өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган мыйзамды жаратууга жардам берерине ишенебиз.

Урматтоо менен, "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү.

Акмат Алагушев, "Медиа Полиси Институтунун" директорунун орун басары;

Нурбек Сыдыков, "Медиа Полиси Институтунун" юристи;

Эдиль Жаныбеков, "Адилет" укуктук клиникасынын юристи;

Жылдыз Азыкова, "Адилет" укуктук клинкасынын юристи;

Нуржан Мусаева, Медиа Өнүктүрүү борборунун юристи;

Тамара Валиева, Кыргызстандын Медиа Аракети платформасынын төрайымы;

Махинур Ниязова, 24.kg журналисти, редактору;

Семетей Аманбеков, Bulak.kg редактору;

Дина Маслова, Kaktus.media түзүүчүсү;

Кайыргүл Урумканова, Govori TV;

Дилбар Алимова, "Политклиника";

Кубат Оторбаев, журналист;

Гладис Темирчиева, "Вести.kg";

Дмитрий Ложников, "Апрель ТВ";

Нурдин Дүйшенбеков, "Журналисттер" КБ.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12380