Чек арадагы чыр. Ак-Сай эли Дайырбек Орунбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты
RU

Чек арадагы чыр. Ак-Сай эли Дайырбек Орунбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун чек арадагы акыркы окуя боюнча билдирүүсүнө нааразы болушту.

Жергиликтүү тургундар катта Орунбековдун кечирим суроосун талап кылышат.

"Урматтуу, Садыр Нургожоевич, 24-июлда Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сайлык Дубанаев Жеңиш аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны мас абалда деп жазып чыкты.

"Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГС) келе жатышкан, ошол учурда Кыргызстандын жараны Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик жаранынын машинасын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан".

Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, тажик элине дагы тарап, алар өз каналдарында "мына Кыргызстандын президентинин катчысы тастыктады бул нерсени, демек туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт" деп күнөөлөшүүдө.

Сизден суранабыз, Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын. Анын бул кызматты аркалаганга моралдык укугу жок, жумуштан кетсин. Дубанаев Жеңиштин жана анын аялы Толгонайдын аброюн калыбына келтиргенге жардам бериңиз! Жеңиштин бир тууган агасы Баткен окуясында кыргыз элин, жерин коргойм деп курман болгон. Ак-Сай элинин жашоочулары…", - деп жазылган катта.

Эске салсак, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

25-июлда Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына окуя боюнча кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү калтырган. Көп өтпөй эле ал билдирүүсүн өчүрүп салган. Kaktus.media сайты комментарий алуу үчүн байланышканда Орунбеков суроону угары менен телефонду коюп койгон.

Орунбековдун өчүрүлгөн билдирүүсү коомдо нааразычылык жараткан эле. Инциденттен кийин эки тараптуу жолугушуулар өтүп, милиция текшерүү иштерин баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13702