Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чек ара кызматынын маалыматы
RU

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чек ара кызматынын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Анда Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бара жатышканда, ушул эле убакта аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Ворух (ТР) анклавынан Ходжаи-Аало айылына баратканы айтылат.

"Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен.

Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары - Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан.

Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

"Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13616