Чек арадагы чыр-чатак боюнча милиция текшерүү иштерин баштады
RU

Чек арадагы чыр-чатак боюнча милиция текшерүү иштерин баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында катталган чыр-чатак боюнча милиция текшерүү иштерин баштады. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, факты каттоого алынган.

Жаракат алган кыргыз жаранына тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Учурда бул чыр-чатакка тиешеси бар эки тараптын тең жарандарына териштирүүлөр башталды.

Ак-Сай айыл аймагындагы жарандарга коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга жол бербөө максатында эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздукту камсыздоо багытында милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы убакта аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте иш алып барууда.

Кечээ, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган кортеж менен Кожалы (Хожа-Алъо) айылына бара жаткан тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан.

Инциденттен кийин эки тараптын чек ара өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ортосунда бир нече жолугушуулар өткөрүлүп, чечимдерди кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13636