Чек ара кызматы: Тажик тарап келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди
RU

Чек ара кызматы: Тажик тарап келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал бүгүн, 25-июлга карата туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн саат 9:00дө "Кызыл-Бел-автодорожный" постунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын башталды.

Кечээ, 24-июлда Баткен облусунун Баткен районундагы Дача тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында тараптардын чек ара өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ортосунда бир нече жолугушуулар өткөрүлдү.

Анда тараптар окуя боюнча иликтөө жүргүзүү, ага тиешеси бар адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин карап чыгышты.

Тажик тарап КР Ички иштер министрлигинин кызматкеринин унаасына келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • тараптардын укук коргоо органдары тарабынан орнотулган өткөрүү пункттарын: Дача участогунда кыргыз тарапты жана тажик тарапты Хожай-Аало (Тажикстан) чек ара заставасынын тушундагы жолдун жанындагы блокпостторду алуу;
  • чек ара чырына айланып кетиши мүмкүн болгон чек ара аймактарындагы чыр-чатактарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү;
  • аймактык укук коргоо органдарынын бөлүктөрү менен Ак-Сай (Кыргызстан) - Хожай-Аало айылы (Тажикстан) - Төрт-Көчө багыты боюнча биргелешкен күзөттөрдү жүргүзүү.

Кошумчалай кетсек, кечээ өткөрүү пункттары коюлган жолдордо унаалардын жүрүшү калыбына келтирилип, эки мамлекеттин чек ара аймактарынын калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13621