Укук коргоочу: Орунбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган Ак-Сайлыктарга басым жасалууда
RU

Укук коргоочу: Орунбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган Ак-Сайлыктарга басым жасалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдон кечирим суроону талап кылгандан кийин Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына басым жасалууда. Бул туурасында укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева жазып чыкты.

Мамасалиева Kaktus.media сайтына билдиргендей, жергиликтүү тургундардын арызы 27-июлда президенттин администрациясына жөнөтүлгөн. Андан кийин кат социалдык тармактарга тарап, ЖМКлардын көңүлүн бурган.

Кайрылуу кат жайылгандан кийин Ак-Сайдын жашоочулары Мамасалиевага кайрылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү басым жасап жатканын айтышкан. Бийлик органдары интернетке тараган катты ачык булактардан өчүрүүнү талап кылып, болбосо ар кандай көйгөйлөр жаралат деп коркутушканын айтат укук коргоочу.

Эске салсак, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Инциденттен кийин эки тараптуу жолугушуулар өтүп, милиция текшерүү иштерин баштаган.

25-июлда Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына окуя боюнча кыргызстандыктарды күнөөлөгөн билдирүү калтырган. Көп өтпөй эле ал билдирүүсүн өчүрүп салган. Kaktus.media сайты комментарий алуу үчүн байланышканда Орунбеков суроону угары менен телефонду коюп койгон.

Орунбековдун өчүрүлгөн билдирүүсү коомдо нааразычылык жараткан эле.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Дайырбек Орунбеков жазган посту менен президенттик аппараттын мүчөсү катары өтө чоң ката кетирип, улуттук коопсуздукка чоң зыян келтирип, президентке жана анын аброюна шек келтирди деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13742