Пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүн иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү
RU

Пляжда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүн иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алууч учурунда каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Аталган топтун курамына облустук милициянын борбордук аппаратынын тергөө жана ыкчам кызматтарында көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында болгон окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, ошондой эле аларды сурамжылоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө дешет милициядан.

*****

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Бул окуя талаш жараткандыктан Бостеринин тургундары, жардам көрсөткөн медайым кайрылуу жасашкан.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13876