Пляжда каза болгон жигиттин окуясынан улам Бостеринин тургундары кайрылуу жасашты. Видео
RU

Пляжда каза болгон жигиттин окуясынан улам Бостеринин тургундары кайрылуу жасашты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 6-августка караган түнү 23 жаштагы Бекболот Аманкулов каза болгон. Анын сөөгү таңга маал "Золотые пески" пансионатынын пляжында табылган. Бекболоттун өлүмү боюнча жакындары менен миилциянын маалыматы эки башка болууда.

23 жаштагы жигит ур-токмоктон каза болгонун жакындары айтса, укук коргоо органы эч кандай мушташ болбогонун айтууда. Бул факты талаш жараткандыктан Бостеринин тургундары, жардам көрсөткөн медайым кайрылуу жасашты.

"Биз, Бостери айлынын тургундары, пансионаттын пляжында иштегендер 6-августка караган түнү болгон каргашалуу окуяга байланыштуу. Бул боюнча ар кандай маалыматтар тарап, мушташ болгону айтылууда. Ортодо Талас менен Бостерини, Ысык-Көлдү кайраштыргандар чыгкты, биз ынтымак кетип калбасын деп көлдүн атынан кайрылып коёлу дедик.

Урматтуу, таластык туугандар, биз бул жерде күнү-түнү кызмат кылабыз. Жаштар иштейт, органдын кызматкерлери иштейт. Бул жакта мушташ болуп, киши өлтүрүү болгон жок. Андай ойлордон алыс болуңуздар", - дейт тургун.

Ал эми ошол убакта нөөмөттө болуп жардам көрсөткөн медайым буларга токтолду.

"Саат 04630 чамасында бейтааныш жигит келип жардам сураган. Мен жерине барып, жигитти караганда эс-учун билбеген абалда болчу. Кан басымы, дем алуусу жок, жүрөгү сокпой калган. Жасалма дем алдырайын деп оозун ачканда спирттин жыты чыкты. Оозунун тегереги көгөрүп калган. Денесинде тактар жок болчу", - деди.

Дагы бир тургун эч кандай уруш-талаш болбогонун айтат.

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13860