Милиция Бостеридеги пляжда каза тапкан жигиттин өлүмү боюнча маалымат берди
RU

Милиция Бостеридеги пляжда каза тапкан жигиттин өлүмү боюнча маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Золотые пески" пансионатынын жээгинде 23 жаштагы эс алуучунун каза тапканы боюнча Ысык-Көл ОИИБи өзүнүн версиясын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 6-августта болжол менен саат 05:10 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун тургуну 23 жаштагы А.Б. каза болгондугу маалымдалат.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт.

Жансыз денеге сырттан кароо иштери жүргүзүлүп, кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда каза болгон жаран 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл районунун Бостери айылына эс алганы келгени аныкталган.

Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23:30да каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен, кийинчерээк бардан анча алыс эмес жерден аны эс-учун жоготкон абалда таап, жардамга элди чакырган. Эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну 23 жаштагы тургуну У. К. болуп чыкты. Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 05:00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерине барганда эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатканда жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган. Бул учурда "Тез жардамдын" кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок жигитти эсине келтирүү аракеттери натыйжа берген эмес.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б`нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары интернетке массалык мушташ тууралуу видео тарап, аны 23 жаштагы А.Бнын өлүмүнө байланыштырып жатышат. Ал видеонун окуяга эч кандай тиешеси жок.

Аталган видеодогу окуя ушул жылдын 3-июль күнү жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13833