"Баарын акча чечет экен". Кулак, мурду кесилген келиндин абалын жакындары айтып беришти
RU

"Баарын акча чечет экен". Кулак, мурду кесилген келиндин абалын жакындары айтып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Селекция айылында Асел аттуу келиндин кулактарын, мурдун мурдагы жолдошу кесип салган.

Үрөй учурган окуя 19-сентябрда болгон. Жабырлануучу дале ооруканада жатат. Анын экинчи операциясына чоң суммадагы каражат керек болгондуктан атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө канча каражат топтолгонун, кимден кандай жардам көрсөтүлүп жатканын жана Асел айымдын абалы кандай болуп калганын апасы менен агасы Kaktus.kg сайтына айтып беришти.

Жабырлануучу келиндин учурдагы абалы

- Аселдин азыркы абалы жалпысынан турукташып калды. Мен күн сайын келип, жанында болуп жатам. Буга чейин Асел өзүнүн жүзүн көргөн эмес. Бир күн мурда көрүп алып, ушундай болуптурмун деп эсине келип жаман болуп жатат. Өзүн күзгүдөн көрүп калды. Жүзүн көргөнгө чейин дарынын күчү менен жүргөн, өзүнө келе элек болчу. Аман калдым деп жүргөн. Көргөндөн кийин эсине келип, аябай жаман болуп жатат кызым. Психологдор иштеп жатышат, мен да колумдан келишинче жубатып жатам. Эң башкысы баш сөөгү, жаак сөөгү аман. Бизде да күчтүү адистер бар, Султан Тукешов өзү келип көрүп кетти. Ал "биз мындай операцияларды кылып жүргөнбүз" деп көп нерсени айтып, кызымды жубатып кетти. Бизге ошол мотивация берип жатат. Алдыда этап-этабы менен операция болот, 1 жыл болот дейт, андан ашык да болуп кетет дейт. Экинчи операция 2 айдан кийин болобу, 3 айдан кийин болобу дарыгерлер так айта алышпайт экен. Анткени теринин тигилген жерлери тартылып кетпей, жумшак болуп калышы керек экен. Азыр ошого карап жатышат.

"Баарын каражат чечет экен". Түркияга жөнөтүүгө жетиштүү сумма чогула элек

- Азыркы убакка карата, тилекке каршы, толук сумма чогулбай жатат. Түрк дарыгерлери 45 миң доллар дешкен. Бирок азыр ал сумманын жарымы чогулду. Биз ойлонуп жатабыз. Өзүбүздүн дарыгерлер деле "биздин колубуздан келет" деп жатышат, 3-4 күндө консилиум болот, ошол жактан чечилет. Азыр кемирчектер теринин астына катылган. Андан кийин аны акырындан алып чыгып, ордуна коюшат. Ошондой 2-3 операциядан кийин пластикалык операция болот. Аны түрк дарыгерлери акысыз жасап беребиз деп жатышкан. Ал эми ага чейинки калыбына келтирүүчү операциялардын акысы төлөнөт. Азыр баарын каражат чечет экен да, каражат чогулбай калса Түркияга кетире албай калат экенбиз.

Аселди жакындары кайтарып жүрсө да мурдагы жолдошу 6 күн аңдып жүрүп кол салган

- Бул окуя 15 мурда эле башталган. Сабоолор болгондуктан Токмок шаардык милициясына арыз менен кайрылганбыз. Иши сотко да өткөн. Бирок күйөө бала ишти кайсы жол менен жаптырганын билбейбиз, иш жабылып калган. Андан кийин деле зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөн. Биз алышып эле келдик, бирок күчүбүз жеткен жок. Андан бери колубуздан келишинче мыйзамды аттабай, мыйзам чегинде алышып келе жатабыз. Күйөө балага кол көтөрбөй, аны менен түшүндүрүү иштерин да жүргүзгөнбүз. Мыйзам түрүндө чечебиз деп жүрсөк, ал ушундай кылгылыкты кылып жатпайбы. Күрөшүп келгенбиз, кызыбызды кайтарганбыз. Сиңдим да кайтарып, жанына барып жашап, жумушуна колунан жетелеп алып барып, алып келип жүрчү. Балам Италияда болгондугуна байланыштуу күйөө бала ушул ишти жасады. Болушар эч кимиси жок деди окшойт, эми мен дагы, сиңдим дагы аял кишибиз да. Байкесинин жоктугунан пайдаланып кетти деп ойлойм. Кызымдын артынан 6 күн аңдып жүрүп, үйүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк тааптыр.

Сөзгө Аселдин агасы кошулуп, соттор пара алган болушу мүмкүн деген шектенүүсүн айтты.

- Эки жолу зордуктоо фактысы болгон. Экинчи факты боюнча соттук отурум болуп жатканда күйөө баланын жактоочусу 200 миң сом сунуштаптыр. Мен карындашыма "бизге акча кереги жок, бизге акыйкаттык керек" деп айткам. Ал акчаны карындашым алган эмес. Ошол акчаны айыпталуучу тарап сотторго берген деген шектенүүбүз бар. Себеби, 2 жолу зордуктаган кишини эмне үчүн эркиндикке чыгарып коюшат? Аны жөн эле чыгарып койбойт болчу да.

Ошол кезде кызымдын жанында болчумун. Адвокат чачы кыска кыркылган, бою кыска келин болчу. Ошол кызыма "ала бербейсиңби акчаны, ала бер да" деп айтты. Мен кызыма алба, аягына чейин чыгалы дедим. Ага мен күбөмүн, кызым акчаны албай койгон.

Ал эми биринчи жолку зордуктоо фактысы боюнча иш сотто каралып, анда Асел тосмо арыз жазган. Анда карындашыма моралдык басым болгон дейт агасы.

- Биринчи жолку зордуктоо фактысынан кийин күйөө бала тарап карындашымды алдап кеткен. Күйөө баланын апасы да үйгө келип, карындашыма чөгөлөп, кечирим сурап, тосмо арыз жазып кой деп моралдык басым кылышкан. Ошондо карындашым "булар деле адам да, балдарымдан атасы" деп тосмо арыз жазган. Бирок "менин жаныма жолбойсуң, балдардан баш тартасың кагаз түрүндө" деген шарт менен жазган. А бирок экинчисинде аягына чейин күрөшөлү деп, камалат деп отурганбыз. Пробация колдонгон сотту жоопко тартып, катуу жаза колдонуу керек.

Бийлик башындагылардын реакциясы

- Жогорку Кеңешке 9-октябрда бардык. Анда негизинен аялдардын тең укуктуулугу боюнча сөз болду. Жыйында депутаттар Аселди Түркияга жөнөтүү үчүн квота бөлүп берүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасайбыз дешти. Ал маселе азыр чечиле элек. Бул окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүлү кабыл алган, башкы прокурор Курманкул Зулушевге да кат түрүндө кайрылгам. Андан тышкары Садыр Жапаровго да жетти бул иштин чоо-жайы. Президент бул ишти жерде калтырбайт. Анткени бул аябай резонанс жаратты, Кыргызстанда мурда мындай болгон эмес. Айрым мыйзамдар түзөтүлүп, кайра кабыл алынганы жатат.

Эл менен дарыгерлердин колдоосу чон дем-күч берди

- Биринчиден, биздин дарыгерлерге, хирургдарга чоң рахмат. Жалпак тил менен айтканда биздин карындашыбызды тиги дүйнөдөн чыгарып алышты. 8 жарым сааттык операция деген эмне деген эмгек! Анан дагы жалпы кыргыз элине рахмат, 1-2 сом болсо да атайын эсепке которуп, жардам кылып жатышат. Ыраазыбыз.

Бизди жөнөкөй эл аябай коргоп, колдойт экен. Көчөдөн таанып калып эле "кызыңыз жакшы болуп кетсин" деп жатышат. Умай деген бир кичинекей кыз келди, кефир көтөрүп алыптыр. "Асел эжеге барып жолугайынчы" деп ооруканага келип, кызымдын жанында болуп: "Кечинде Асел эженин жанында ким жатат? Мен деле карап бере алам" дейт. Аябай ыраазымын, жалпы элге ыраазымын.

Аселдин опеарциясы үчүн жардам колун сунууну каалагандар үчүн реквизиттер:

  • МБанк: 0707 837 443 - Ногойбаев Тариэль
  • О!Кошелек: - 0707 837 443
  • Сбербанк Россия: 408 178 100
  • 674 013 163 39 - Шейшенкулова. Б
  • Garanti Bank Türkiye: TR41 0006
  • 2000 3910 0006 6264 26 Diana Y.
  • DemirBank: 118000024665 8173 KGS (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619088 USD (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619189 EUR (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619290 GBP (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619391 RUB (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619492 KZT (Nogoibaev Tariel)
  • 1180000248619593 TRY (Nogoibaev Tariel)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14718