Селекцияда күйөөсү аялынын мурдун, кулактарын кескилеген. Сүрөт
RU

Селекцияда күйөөсү аялынын мурдун, кулактарын кескилеген. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Селекция айылында күйөөсү аялын кескилеп, кыйноого алган. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алардын айтымдарында, 19-сентябрь түнү Селекциядагы үйлөрдүн биринде 1984-жылы туулган киши 1987-жылы туулган аялынын кулактарын, мурдун кескен. Киши мындай кадамга кызганычтан улам барган. Ал аялы көзүнө чөп салышы мүмкүн деп күмөн санаган.

Учурда аял оор абалда ооруканада жатат. Шектүү кармалган. Буга чейин жабырлануучу ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылган.

Абайлаңыз, сүрөт!

Спойлер
Жабуу

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14481