Юристтер кулак, мурду кесилген келин 2008-жылдан тарта зомбулукка кабылганын айтышты
RU

Юристтер кулак, мурду кесилген келин 2008-жылдан тарта зомбулукка кабылганын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы күйөөсү кулактарын, мурдун кескилеген Аселдин жактоочулары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине нааразы болуп Башкы прокуратурага кайрылышты. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова маалымат жыйында айтты.

Айтымында, жабырлануучу Асел 2008-жылы тун уулу төрөлгөндөн тарта эле үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган.

"Ошондон бери Асел укук коргоо органдарына бир нече ирет кайрылган. Баары пайдасыз болгон. Күйөөсү аялын кордоону уланткан. 2018-жылы Асел күйөөсүнөн кетип калган, бирок жолдошу анын артынан түшкөн. Коргоо ордери берилген, соттун да чечими бар. Бирок ал ишке ашкан жок. Эгерде айыпталуучу жабырлануучуга жакындаса, милиция ишти түз эле сотко жөнөтүшү керек болчу, бирок андай болгон эмес", - дейт юрист.

Саутова кошумчалагандай, милиция кызматкерлери Аселдин буга чейинки арыз-даттанууларына кайдыгер караган.

"Азыр ошол милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызмат ордунда эле иштеп жатышат. Көзөмөл органы милиция кызматкерлерине юридикалык баа бериши керек. Ошондой эле Соттор кеңеши судья Кыялбек Токтоматовдун зордуктоо боюнча биринчи чечимин карап чыгышы керек", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14621