"Ата, сизди ким асып койду?". Арстан Алайдын жашоосу тууралуу уулу айтып берди
RU

"Ата, сизди ким асып койду?". Арстан Алайдын жашоосу тууралуу уулу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-январда коомдук ишмер Арстан Алай Бишкектен акыркы сапарга узатылды.

Арстан Алайдын уулу Ауирдин атасынын жашоосу тууралуу айтып берди. Айтымында, атасы көп жылдар бою кайрымдуулук иштери менен алектенип, ишкерликке умтулгандарды колдоп келген. Чакан жана орто бизнеске үстөксүз насыя берген.

"2010-жылы төңкөрүштө каза болгон 87 адамдын үй-бүлөсүнө жардам бергенбиз, түштүктөгү кагылышууда Оштогу ооруканаларга барып, акча которуп, балдарды жөнөткөнбүз, 2000-жылдары атам көп иштерди жасаган. Бала бакчаларды, мектептерди оңдодук, көрүстөндөргө тосмолорду салдык. Андайларды айтышпайт... Мүмкүнчүлүгүм болгондо "Ата, кандайсыз? Сизди ким асып салды деп сурайт элем", - деди уулу.

Эске сала кетсек, Арстан Алайга КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Диний кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Ага Абдылдаевдин соцтармактардагы баракчаларында, ошондой эле анын китептеринде жана брошюраларында диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар бар деген маалыматтар негиз болгон.

Ал 2024-жылдын 15-январына чейин СИЗО-1ге киргизилген. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу №31 колонияга которулуп, 5-январь күнү Абдылдаевдин жансыз денеси Молдовановкадагы түзөтүүчү мекемесинин ашканасында табылган. Жактоочу Арстан Алай асынып алган жеринен табылганын айтып, Жазаларды аткаруу кызматы ал киши өз жанын кыйган деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15267