Абактан Арстан Алайдын жансыз денеси табылды
RU

Абактан Арстан Алайдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-январда Арстан Алай деген каймана ат менен белгилүү Абдылдаев Арстанбек Молдовановка айылындагы №31 абактын түзөтүүчү мекемесинде каза болду. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров Facebook баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, Арстан Алайга КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Диний кастыкты (аразчылык) козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Арстан Алайдын каза болгонун Жаза аткаруу кызматы тастыктады.

Абдылдаевди УКМК 15-декабрда кармаган. Комитет кылмыш иши анын социалдык тармактарда жана китеп, брошюраларда диний, диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасагандыктан козголгонун билдирген. "Ал өзүн "Кудай", "Куткаруучу" деп санап, башка дин, ишеним, көз караштарды төмөн, алсыз деп эсептеген" деп маалымат тараткан УКМК.

17-декабрда баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу.

Арстанбек Абдылдаев 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында төрөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15259