Арстан Алайдын кызы: Атам өз жанын кыймак эмес
RU

Арстан Алайдын кызы: Атам өз жанын кыймак эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арстанбек Абдылдаевдин жакындары анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова "Азаттыкка" курган маегинде атасынын руху күчтүү болгондуктан, ал өз жанын кыймак эмес деп билдирди. Ал анын өлүмү пландалган деп эсептейт жана мекеменин кызматкерлери анын коопсуздугун камсыз кылган эмес.

Анын айтымында, Абдылдаевге коюлган айып олуттуу эмес болгондуктан, камактан кооптонгон эмес. Туугандары да тынчсызданбасын деп жактоочу жеткирген.

"Сот Бишкек шаардык сотунда саат 15:00дө өтүшү керек болчу, бизге сот ачык болот, аны ошол жерден көрө алабыз деп айтышкан, бирок конвой аны алып келген эмес. Саат 12:00 СИЗОдон 31-колонияга которулду. Юристтер менен жактоочулар себебин билишкен эмес. Бул бизге табышмак болуп калды. Түнү менен уктай албай, басып жүргөнү үчүн которулганын айтышты. Бирок бул чыныгы себеп болушу мүмкүн деп ойлобойм. Тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат, бирок алар УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырышкан эмес. УКМКнын СИЗОсунда орун жок имиш. Бул дагы суроолорду жаратууда", - деди Арстанбекова.

Эске сала кетсек, Арстан Алайга КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Диний кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин соцтармактарындагы баракчаларында, ошондой эле анын китептеринде жана брошюраларында диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар бар деген маалыматтар негиз болгон.

Ал 2024-жылдын 15-январына чейин №1 СИЗОго киргизилген. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу № 31 колонияга которулуп, 5-январь күнү Абдылдаевдин жансыз денеси Молдовановкадагы түзөтүүчү мекемесинин ашканасында табылган. Маркумдун жактоочусу анын кардары асынып алган жеринен табылганын айтып, Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай өз жанын кыюуга шектелип жатканын билдирди.

Юстиция министрлиги Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайын тактоо үчүн комиссия түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15263