Арстан Алай абактын ашканасында муунган абалда табылган
RU

Арстан Алай абактын ашканасында муунган абалда табылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматы абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү тууралуу билдирүү таратты.

Анда бүгүн, 5-январдын таңында, болжолдуу саат 05:15 чамасында Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында Арстан Алайдын асылып турган сөөгү табылганы айтылат.

Белгилей кетсек, Абдылдаев 15-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

"16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту А.Абдылдаевге карата Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында (16-декабрь, 2023-жыл, 15-январь, 2024-жыл) камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.

28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев "Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай №31 мекемеге келгенден кийин, мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлерге кайрылганын кошумчалады.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: "такталбаган психатикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу (КБС). Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору" жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

05.01.2024-жылы, саат 04:52 чамасында айыпталуучу А. Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.

Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес", - деп белгишети Жазаларды аткаруу кызматынан.

Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15260