Арстан Алайды каза болордун алдында ашканадан көргөн жаран окуя тууралуу айтып берген
RU

Арстан Алайды каза болордун алдында ашканадан көргөн жаран окуя тууралуу айтып берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арстан Алайды каза болордун алдында жана асынгандан кийин көргөн жаран атайын түзүлгөн комиссияга окуя тууралуу айтып берген. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев "Азаттыктын" эфиринде айтты.

Жандаевдин айтымында, Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн жагдайларын Башкы прокуратура, Жаза аткаруу кызматы жана Юстиция министрлиги түзгөн комиссия бири-биринен көз карандысыз аныктайт. Бул комиссиянын курамына Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү мүчө катары эмес, байкоочу катары кирди. Арстан Алай каза болгон №31 абакка барып келгенин айтты.

"Түзүлгөн комиссия менен чогуу №31 абакка барып, айрым суроолорго жооп алып келдик. Коомдо "эмнеге камера болгон эмес?" деген суроо жаралган. Биз колонияга барганда дааратканада, жуунучу бөлмөдө жана ашканада мурдатан эле камера болбоптур. Бирок коридордо, ар бир палатада камера бар экен. Коомдо күмөн саноолор болуп жаткан да "камераны алып салган же өчүрүп койгон" деп, жок, ал жерде башынан эле болбоптур", - деди ал.

Эмил Жандаев медициналык түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан кармалуучулардын бири менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгонун айтты. Ал киши Арстан Алайды акыркы болуп көргөн.

"Ал жакта жаза өтөп жаткан киши бар экен. Ал Арстан Алайды тирүү кезинде акыркы болуп көрүптүр. Ошол эле киши анын асынганын да байкаптыр. Ал да ооруп, уктай албаганын айткан. "Ичим ооруп саат түнкү 3төргө чейин ашканада сыналгы көргөм. Арстан Алай ашканага кирип, чыгып, "эмнеге уктабай жатасың" деп сураган" деп айтып берди. Андан кийин ал өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткенин, 1 сааттан кийин кайра ашканага барганда Арстан Алайдын асынганын көрүптүр", - дейт Жандаев.

Эске салсак, Арстан Алай 5-январда каза болду. Жазаларды аткаруу кызматы анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашканасында асынып турган жеринен табылганын билдирди. Анын сөөгү 7-январда Орок айылында жерге берилди.

Арстан Алайга КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Диний кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголуп, 15-январга чейин №1 СИЗОго киргизилген. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу № 31 колонияга которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15296