Арстан Алайдын өлүмү боюнча кызмат адамдарына карата текшерүү башталды
RU

Арстан Алайдын өлүмү боюнча кызмат адамдарына карата текшерүү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) каза болгондугу боюнча тийиштүү кызмат адамдарына карата текшерүүнү баштады. Маалыматты башкы көзөмөл органынан билдиришти.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен айыпталган Арстан Алай Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде (СИЗО-1) кармалган.

2023-жылдын 28-декабрында Арстан Алай ден соолугуна даттангандыктан СИЗО-1дин дарыгерлеринин жолдомосу боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин аймагында жайгашкан борбордук ооруканасына медициналык текшерүү жана дарылоо үчүн которулган.

Аталган 31-мекеменин терапия бөлүмүндөгү палатага Арстан Алай жалгыз өзү жайгаштырылып, тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жаткан.

Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, Арстан Алай 2024-жылдын 4-январынын 5-январына караган түнү электр чайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган. Анын асынган абалдагы денеси 2024-жылдын 5-январында таңкы саат 05:15 чамасында табылган.

Ошондой эле Арстан Алайдын денесине кароо жүргүзүү учурунда маркумдун мойнунда зымдын изинен башка күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес.

Анын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15264