"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
RU

"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-январь күнү үйлөрү тинтүүгө алынып, эки суткага кармалган 11 журналист 18-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Алардын катарында Сайпидин Султаналиев да бар. Ал СИЗОдон коомчулукка кайрылуу жасап, депутаттарыбыздын көпчүлүгү "күн карама" болуп калды окшойт деп жүрсөм, сотторубуздун деле көбү "күн карамага" айланып калган өңдүү деп билдирди.

Укук коргоо органдары күнөөнү башыбызга эптеп илип салууга болгон аракетин жасоо менен убара

"Жаңырган жылдын 16-январында Темиров Лайвда буга чейин иштеп кеткен жана учурда иштеп аткан журналисттердин үйлөрүнүн тинтүүгө алынышы, башаламандык уюштурууга шектүү деп табылышы менен башталды. Кайсы жерден "Элди башаламандык уюштурууга чакырык жасалды?"-деген суроого биз эле эмес коомчулук да жооп таба албай жатса керек.

Ал эми укук коргоо органдары 278-беренени башыбызга эптеп илип салууга болгон аракетин жасоо менен убара. Алар тескерисинче ачык булактардан алынып, конкреттүү далилдер менен даярдалган биздин материалдарга көңүл бурса, кенен карап, терең талдаса мыйзамсыздык каякта болуп жатканын такташмак. Тилекке каршы, орган кызматкерлеринин ой-чабыттары оңдуу деле эмес окшойт.

Депутаттарыбыздын көпчүлүгү күн тийген жердин "күкүгүнө" айланып, "күн карама" болуп калды окшойт деп жүрсөм, сотторубуздун деле көбү "күн карамага" айланып калган өңдүү... Буга далил 16-январда кармалган журналисттердин бардыгына бирдей чечим кабыл алынып жатканынан эле байкасак болот", - деди иликтөөчү журналист.

Ал коомчулукка кайрылып, эркин журналисттер элдин душманы эмес, карапайым калктын көйгөйүн көтөрүп, мыйзамсыздык менен күрөшкөн элдин үнү экенин эске салды.

"Урматтуу кыргыз элим! Эркин журналисттер эл душманы эмес! Эркин журналисттер карапайым калктын көйгөйүн көтөрүп, мыйзамсыздыкка ачык күрөшкөн чыныгы мекенчил атуулдар! Андыктан андай атуулдар менен тыгыз кызматташып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн бирге аракет жасоо зарыл болчу. Эркин журналисттерди элдешкис душман көрсөтүү бийликке аброй алып келбейт!", - деп сөзүн жыйынтыктады Сайпидин Султаналиев.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Азаттык" сайтына бөгөт коюу. Бишкек шаардык соту чечим чыгарды
31 Май 2023, 10:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15371