Кыйноолорду алдын алуу борбор: Журналисттерди убактылуу жайда кармоо кыйноо катары каралат
RU

Кыйноолорду алдын алуу борбор: Журналисттерди убактылуу жайда кармоо кыйноо катары каралат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор камактагы 11 журналист боюнча билдирүү таратты. Анда медиа өкүлдөрүнүн убактылуу кармоочу жайда калуусу БУУнун Кыйноолорго каршы Конвенциясына ылайык, кыйноо катары бааланары айтылат.

24-январда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына барып, ЖМКнын 11 өкүлү кармалып турганын аныктаган. Бирок Биринчи Май райондук соту 17-январда журналисттердин баш коргоо чарасын тандап, СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын токтому дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Мындан улам Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору ИИМдин жетекчилигине убактылуу кармоочу жайдагы 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тез арада чечүүнү сунуштайт.

"Журналисттерди мындан ары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына же Ички иштер министрлигинин карамагындагы башка жайларда камоо БУУнун Кыйноолорго каршы Конвенциясынын 1-беренесине ылайык кыйноо катары каралат", - деп айтылат маалыматта.

*****

Болот Темировдун командасынын мурдагы жана учурдагы журналисттери 16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. 17-январда Биринчи Май райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга камакка алынган.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15425