Садыр Жапаров Токтогул суу сактагычындагы сууну аздыгы боюнча түшүндүрмө берди
RU

Садыр Жапаров Токтогул суу сактагычындагы сууну аздыгы боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы электрэнергиясына болгон таңкыстык боюнча өзүнүн Facebook баракчасына түшүндүрмө берүүнү чечкен. Президент төмөнкүлөрдү жазды:

"Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык электрэнергия берип жатышат. Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электрэнергияны импорт алып жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электрэнергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.

Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби? 2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.

Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден "Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, "Токтогулдагы" суубузду сактап калалы" деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.

Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн "Токтогулду" толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электрэнергиядан жардам берип жатышат.

Ал эми электрэнергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.

Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат. Бул эмнени билдирет? Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.

"Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем" дегендер демек колунда бар адамдар. Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат. Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү: аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту "элди бай-кедей кылып бөлбө" деп.

Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар? Убакыт керек.

И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3758