Электр энергиясынын тарифи көтөрүлсө канча сомдон төлөп калабыз?
RU

Электр энергиясынын тарифи көтөрүлсө канча сомдон төлөп калабыз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 21-апрелде энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө электр энергиясы үчүн тарифтери тууралуу сөз кылып жатып Садыр Жапаров ар кандай категориядагы жарандар үчүн ар башка тарификация кылууну сунуштады.

Президенттин сунушу боюнча тариф төмөнкүдөй болот:

  • аз камсыздуу үй-бүлөлөр үчүн - кВт саатына 0,74 сом;
  • алыскы тоолу райондордо оор шартта жашагандар үчүн - кВт саатына 1,04 сом;
  • жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн - кВт саатына 1,48 сом.

Андан тышкары Жапаров Facebook'ка чыгарган билдирүүсүндө "суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы", - деп жазган. Бирок кийинчерээк ал постун редакциялап, бул сөзүн алып салган.

Kaktus.kg редакциясы кыргызстандыктар электр энергиясына азыр канча төлөшот, жана президент сунуштаган тарифтерден кийин канча төлөп кала тургандыгын салыштырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1380