Улуттук энергохолдинг кафе жана парктарда жарыкты өчүрүү жөнүндө: Эл түшүнөт
RU

Улуттук энергохолдинг кафе жана парктарда жарыкты өчүрүү жөнүндө: Эл түшүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-сентябрда, Улуттук энергохолдинг бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн жарлык чыгарды. Анда рейддерди жүргүзүп, тиричиликке кирбеген тышкы жарыктандырууну кечинде жана эртең менен өчүрүү керектиги каралган. Маалыматты Улуттук энергохолдинг тастыктады.

Рейддер кафе, ресторан, мончо, сауна, парк, дүкөн жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө жана көчөдөгү жарнамаларга тиешелүү болот.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Талайбек Байгазиев брифингде департамент анализ жүргүзгөнүн билдирди. Алар тиричиликтен сырткаркы абоненттер ресурстарды сарамжалсыз коротуп жатышат деп эсептешет.

"Биз анализ жүргүздүк - бир лампочка эч нерсени чечпейт, бирок, жалпы өлкөнү алып караганда башка кеп. Жада калса светодиоддор да электр кубаттуулугун алат. Кечинде бир кафеде 7 ваттан 100дөн ашык лампа күйүп турат. Канча болот? Көп түкүрсө көл болот, дегендей, бардыгыбыз үнөмдөсөк жакшы эле чыгат",- деди ал.

Улуттук энергохолдингдин башчысынын айтымында, бардык айыл өкмөттөрүндө жыл сайын көчөлөрдү жарыктандыруу 100 миллион киловатт-саатка жакын болот.

"Таң атканча жарык күйүп туруунун кимге кереги бар. Парктарда баары таң аткыча күйүп турат. Дегеле кимдер таң атканга чейин сейилдейт? Катардагы адамдарда чек болушу керек. 10-11ге чейин жүрүп, анан уктайт", - деди Байгазиев.

Көчөлөрдү жарыктандырууда белгилүү бир пайызын үнөмдөө пландалууда. Эсептөө кыйын, анализ али жасала элек.

Байгазиев ошондой эле мындай режимди бүт күз-кыш мезгилине киргизүү пландалып жатканын айтты.

Биздин эл эстүү, бат эле көнүп кетет.

Ал эми жолдор боюнча айта турган болсок, түн ортосунан баштап кичине көчөлөр өчүрүлүп, борбордук көчөлөр жарыктандырылат.

"Эрежени аткарбастык үчүн эч кандай жаза колдонулбайт. Эми кондиционер системасынан баш тартсаңыз болот. Гирляналар, албетте, кооз, бирок, алар да чыгымдарды көбөйтөт.

Улуттук энергохолдинг Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте электр энергиясын керектөө маселесин чечип жатат.

"Жылдын аягына чейин биз Түркмөнстандан 500 миллион кВт / саат алып жатабыз. Буга чейин 180 миллионду алганбыз. Эгерде ички керектөө 30 миллион кВт.саат электр энергиясын түзсө, анда 10 миллион кВт.саат электр энергиясын алмаштыруу керек", - деп Улуттук энергохолдингдин башчысы кошумчалады.

Ал Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши тууралуу да маалымат берди. Азыр суунун көлөмү көбөйүүдө. Ал 12,3 миллиард куб метрди түзөт. Бирок, бул жетишсиз, анткени ички керектөө өсүүдө. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 миллиард куб метрге аз.

"Эч кандай өчүрүүлөр болбойт, бирок биз акчаны үнөмдөшүбүз керек", - деп жыйынтыктады Байгазив.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3717