"Бизге башка сапаттагы адамдар керек". Собянин Москвадагы мигранттар тууралуу
RU

"Бизге башка сапаттагы адамдар керек". Собянин Москвадагы мигранттар тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Москва шаарында курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын кыскартуу керек деп билдирген. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Москванын мэри бул сөзүн реновация программасы боюнча салынган жаңы үйдү кароо учурунда "Крост" подрядчик фирмасынын директору Алексей Добашинге кайрылып жатып айткан.

"Башка сапаттагы адамдар керек, башка айлык ала тургандар, мигранттар азыраак болсун. Бүгүнкү күндө силерде алар көп эле экен. Жакынкы региондордон россиялыктарды көбүрөөк тартып келгиле, маянасын жогорулаткыла, шарттарды түзүп бергиле", - дейт Собянин.

Добашин өз кезегинде акыркы бир жылда чет өлкөдөн келген курулушчулардын саны 15%га кыскартылып, бул көрсөткүч улам жогорулап жатканын билдирген.

Бизнесмен квалификациясы жогору адистер анын объектисинде 120-150 миң рубль ала тургандыгын белгиледи. Собянин "москвалыктардын айлыгы ушундай болуш керек, мигранттардыкы эмес" деп жооп кайтарган.

Россиядагы ири кыргыз диаспорасынын жана "Кыргыз биримдиги" регион аралык коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун пикири боюнча бул талаптар кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбейт.

"Менин оюм боюнча, бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттердин жарандарына тиешелүү. Биздин жарандарыбыз эмгек келишиминин негизинде иштей алышат, ошондуктан эч кандай маселе жаралбайт болуш керек. Анын үстүнө азыркы күнгө чейин Россиянын курулуш тармагында жумушчу күчтүн жетишсиздиги байкалууда. Жакында өлкө боюнча 10 көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери токтотулду. Себептеринин бири курулушчулардын тартыштыгы", - дейт Абдыганы Шакиров.

Анын айтымында, биздин жарандар биринчи кезекте орус тилин билгендиги жана тез арада адаптация болуп кеткендиги менен бааланат. Курулуш тармагында иштегендердин 20-30%ын кыргызстандык жарандар түзөт. Алардын ичинен 50% маляр, монтажник, монолитчик болуп иштесе, кыйласы жетектөөчү кызматтарда башкы инженер, башкы дизайнер ж.б. болуп эмгектенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4399