Москва курулушта иштеген мигранттардын кызматынан баш тартат
RU

Москва курулушта иштеген мигранттардын кызматынан баш тартат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Москва шаарында курулуш иштеринде 40 пайызга жакын жумушчулар жетишпейт. Ошого карабастан шаар бийлиги курулуш иштерине мигранттарды иштетпей эле коюну пландоодо. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Андрей Бочкарев билдиргенин орусиялык "Lenta.ru" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, аталган шаардагы курулуш иштерге 80 миң жумушчу жетишпейт.

"Азыркы учурда жумушчулар, инженер-техник кызматкерлери жетишсиз. Бул Москва шаарында массалык курулуш иштери жүрүп жаткандыгы менен байланыштуу.

Мурун шаардагы мигранттардын саны 120 миңге чукул болсо, учурда алардын саны 40 миңге жакын. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандан келишет.

Бизде бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу бар. Мисалы, Кытайда курулуш иштеринде иштеген жумушчулардын маянасы орточо эсеп менен 150 миң рубль (179 миң сомдун тегерегинде), финдерде 240 миң рубль (286 миң сомдун айланасында), Улуу Британияда 250 миң рубль (298 миң сомдун тегереги). Ал жакта чет өлкөлүк жумушчуларды киргизишпейт.

Мен курулуш комплексиндеги кесиптештериме жана подрядчыларга Москва шаарындагы курулуш объектилеринде чет элдик жумушчу күчү жок иштөөгө мүмкүндүк берүүчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын койдум", - деген Бочкарев.

Ошондой эле вице-мэр курулуш иштеринде жумушчулардын саны 3 эсе аз болуп, маяна 2-3 эсе көп болушу керектигин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4140