Москвалык кыз таксинин айдоочусун сүйүп калып, артынан Кыргызстанга келе берген
RU

Москвалык кыз таксинин айдоочусун сүйүп калып, артынан Кыргызстанга келе берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Музыкант жана сценарист Василий Зоркий "Кош бол" (See you) деген кыскаметраждуу тасма тарткан. Анда москвалык Ася менен кыргызстандык айдоочу-таксист Жаныбектин сүйүүсү баяндалат, деп "Медуза" жазды.

Белгилүү болгондой алар Москвада эки жыл жашашкан, андан кийин Жаныбек мекенине кетип, кайра кайтып келе албай калат. Каармандардын айтымында туура эмес парковка жасагандыгы жана уруксат берилбеген жерде тамеки чеккендиги үчүн Россияга эки жылга кирүүсүнө тыюу салынган. Андан кийин Ася Жаныбектин артынан Кыргызстанга кетип өзү үчун жаңы дүйнөнү ачат.

2021-жылы тасма Beat Film Festival фестивалынын программасына кирет. Кино "Зоркий" группасынын клипи менен аяктайт. Анда Кыргызстандын кооз табияты көрсөтүлөт. Оператору - Аделина Дзиваева.

Кинонун авторлору "Медузага" тасма тууралуу айтып беришкен.

"Ушул бир жарым жылда биз өзгөрдүк. COVID, кирешенин жоктугу, жеке кризис, бардыгыбызда эмне иш кылып жатабыз деген суроону жаратты. Эмне кереги бар, эмне үчүн, мындан ары кандай кылыш керек? Ася менин жакын курбум, анын күтүүсүз Кыргызстанга кетип калышы, чек ара, эркиндик тууралуу ой жүгүртүүлөрдүн пайда болушуна себепкер болду", - деп Василий Зоркий бөлүштү.

Тасманын каарманы Ася Хашем Кыргызстанда жүргөнүнө жарым жыл болгонун, жана жеке окуясын миң ирет айтып бергенин айтат. Бирок анын окуясы бул жакта эч кимди таң калтырган эмес.

"Ал эми Москвада биздин окуя элдерди шок кылып жатты. Бардык жерде адамдар адам бойдон калса. Улутуна, статусуна жана билимине карабастан. Кыргызстан - өтө кызыктуу, таң калтыраарлык жана кооз өлкө. Бул жака келип бардыгын өз көзүңүз менен көрүп кеткиле!" - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3739