Россиялык блогер Dava кыргызстандык жигитке iPhone 13 белекке берди
RU

Россиялык блогер Dava кыргызстандык жигитке iPhone 13 белекке берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык рэпер жана видеоблогер Dava кыргызстандык жигитке iPhone 13 белекке берди. Бул тууралуу ал өз баракчасына жазган.

Блогер тамак жеткирип берүүчүгө сюрприз даярдап, ага iPhone 13 белекке берүүнү чечкен. Анын квартирасына келген курьер кыргызстандык Эламан деген жигит болуп чыкты. Эшикти видеоблогер Dava ачканын көргөн Эламан шок абалында туруп калды. Ал көптөн бери роликке түшүүнү эңсегенин билдирди. Dava аны үйүнө киргизип коноктоп, тамактанууга чакырган. Курьер кыргызстандык экенин, сүрөт тартаканды жактыраарын бөлүштү. Бош убактысында анимэ стилинде сүрөт тартарын айтып, Dava'нын көзүнчө сүрөт тартты.

Соңунда блогер кыргызстандык жигитке iPhone 13 телефонун белек кылып, көрүүчүлөрдүн бардыгын Эламандын баракчасына катталууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4264