Садыр Жапаров: Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат
RU

Садыр Жапаров: Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Aryba.kg" сайтына жарыяланган маекте 24-ноябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу дебатка катышкан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды. Текебаев ал жетектеген партия азыркы бийликке оппозиция экенин маалымдап, президент Садыр Жапаровдун бир нече күн мурун жаңы конуштардын тургундары менен жолугушканда айткан сөзүн сынга алган. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча пикирин билдирген.

Мамлекет башчысы Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүнө токтолгон.

"Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. "Алжып калган" дегеним өзү көрүп турган эле жолду "мына ушул жол туура" деп эле көрүп тура берчү адат бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100% мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер да моюндашты. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалды. Тигилер тараптан да жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз", - деген мамлекет башчы.

Жапаров маегинде Текебаев 2012-жылы Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу тууралуу маселе көтөрүлгөндө Атамбаевдин буйругун аткарып каршы чыкканын айткан.

"2012-жылы мен "Кумтөр мамлекетке өтсүн" деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып "атажуртчулар" ушул маселени көтөрүп чыгат, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт... Кийин добуш берерде "Ата Мекен" фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен", - деген президент.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын "Арыба" сайтына жарыяланган маегиндеги сөздөр бурмаланбаганын "Азаттыкка" билдирди.

Эске салсак, андан мурун Текебаев КТРКнын түз эфириндеги теледебатка катышып, "Ачык айткым келет, биз "Центерранын" бир дагы үлүшүн ала элекпиз. Бул үчүн бизде мыйзамдуу түрдө тастыкталган документтер болушу керек, биз кенди басып алдык. Бул МАИчилерге окшоп, унааны штрафтык токтотуучу жайга токтотуп алып, ээси качан келет, канча акча берет экен деп күткөндөй эле күтүп жатабыз. Эгерде мен калп айтсам, эртең президенттин басма сөз кызматы чыгып, калп айтты деп чыксын. Биз Жапаровдун позициясын билебиз, бул жөн гана "манкуртташтыруу". Улутташтыруу эл аралык аренада чечилип, башкача айтканда, мыйзамдуу жол менен чечилиши керек", - деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4486