Садыр Жапаровдун убадалары аткарылып жатабы? Экологиянын мисалында
RU

Садыр Жапаровдун убадалары аткарылып жатабы? Экологиянын мисалында

Все самое интересное в Telegram

Жыл өткөн сайын Кыргызстанды улам келечекке коркунуч жараткан ыш каптап баратат. Бул учурда бийлик кыска мөөнөттүү маселелерди чечүү менен алек болуп, экологиялык кризистин алдын алуу боюнча донорлордун алдында айтылган бардык пландар кагаз жана сөз жүзүндө гана калууда.

Глазгодо айтылган сөздөр жана Бишкекте болуп жаткан окуялар муну ачык көрсөтүп турат.

Кыргызстан Париж келишимине 2015-жылы кол койгон. Анын негизги максаты - глобалдык жылуулукту токтотуу жана кийинки жүз жылда Жердеги орточо температура Цельсий боюнча эки градустан ашпасын камсыз кылуу болгон.

Глазго саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан бул келишимдин максаттарына берилгендигин билдирген.

Аны ишке ашыруудагы татаал кыйынчылыктарга карабастан, биз оң көз караштабыз жана климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюу боюнча глобалдык кампанияга катышуубуз жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу болот.

Президент 2030-жылга чейин Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууга, ал эми 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат деп убада кылды.

Президенттин айтымында, тогуз жылдан кийин Кыргызстан шарттуу түрдө күйүүчү майды эки эсе аз керектеши керек. Бул мындай кескин кыскартууга өтүүнү азыртан баштоо керек дегенди билдирет.

Иш жүзүндө кандай?

Чындыгында Кыргызстанда абал тескерисинче. Глазгодогу саммиттен саналуу күндөр өткөндөн кийин, 5-ноябрда Кыргызстанда энергетикалык каатчылыктан улам калкка, экологияга зыяны аз электр менен жылытууга тыюу салынды.

Азырынча жылытуунун бир гана альтернативасы көмүр болуп саналат. Жарандарды коркутуп албоо үчүн Бишкекте көмүрдүн баасы 3000 сомго чейин түшүрүлгөн. Бирок, көмүрдү мындай жигердүү пайдалануу менен Кыргызстан 2030-жылга чейин зыяндуу заттардын көлөмүн эки эсе кыскартпай эле, эки эсеге көбөйтөт.

Ал эми төмөнкү сүрөт муну ырастап турат.

Энергетикалык кризистен чыгуунун конкреттүү чечимдери жок. Бийликтегилер кургакчылык мезгили эки жылдан кийин бүтөт деп үмүттөнүүдө.

Президенттин айтымында, зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн республикага 10 миллиард долларга жакын каражат керек. Кыргызстан бул каражаттарды эл аралык уюмдардан жана донорлордон күтөт. Бирок, мындай чыгашалуу программаларды ким каржылайт?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/4457