Арзан көмүр дээрлик калган жок. Кезекте турган эл мушташып жатат (видео)
RU

Арзан көмүр дээрлик калган жок. Кезекте турган эл мушташып жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурманская көчөсүндө көмүрдү арзан сатып жаткан жеринде кезек күткөндөр көп. Учурда 200дөй адам бар. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окурман билдирди.

Анын айтымында, эл бир нече күндөн бери кезек күтүүдө. Айрымдары балдары менен, ымыркайлары менен да күтүп жатышат.

"Көмүр жок, күнүнө 10 эле адам алат. Мен өзүм беш күндөн бери жүрөм, дагы деле көмүр жок. Үйдө балам бар", - деди ал.

Окурман бүгүн эртең менен эки адам кезек талашып мушташа кеткенин байкаган. "Бирөөнүн мурду канап, эл бөлүштүрүп үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Мунун баары көмүрдүн жоктугунан. Биздин көйгөйгө көңүл бурган киши жок", - деп жыйынтыктады ал.

Аял көмүр бар экенин алар жөн гана сатпай жатышканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кечин көмүрүн арзандатылган баада сатууну уюштуруу тапшырмасын берген. Ошондон кийин эки пункт ачылган:

  • Мурманская көчөсү 1б/1,
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4454