Алгач эл суранган, эми агасы суранды. Шаирбек Ташиевдин ЖКдагы тагдыры
RU

Алгач эл суранган, эми агасы суранды. Шаирбек Ташиевдин ЖКдагы тагдыры

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаирбек Ташиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Бирок, агасы Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү, тагыраагы эртең, 26-январда Шаирбек мандатын тапшырат деп жар салды. Kaktus.kg анын Жогорку Кеңешке келген жолун жана депутаттыгына көз чаптырды. Бул эң кыска депутаттык мөөнөт катары тарыхта калышы мүмкүн.

Шаирбек Ташиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Шаирбек Ташиев 45 жашта, Жалал-Абад облусунун Барпы айылынан.

1997-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун "коммерциялык ишмердүүлүк" адистиги боюнча аяктап, 2000-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынан магистратураны бүтүргөн. Ал эми 2011-жылы Москва бажы академиясын окуп аяктаган.

Өзүнүн айтымында, эмгек жолун Жалал-Абаддык мамлекеттик университеттин эл аралык мамилелер бөлүмүнөн баштаган. 2001-жылы Бишкектин Октябрь райондук администрациясында иштеп, кийин Мамлекеттик антимонополдук комиссиянын башкы адиси болуп эмгектенген.

2003-2013 жылдары "Жалал-Абад" бажысында түрдүү кызматтарда инспектордон тартып, жетекчинин орун басарлыгына чейин иштеген.

Шаирбек Ташиев саясатта жана Жогорку Кеңеште

Ошол эле жылдары агасы Камчыбек Ташиевди колдоп саясатка аралаша баштаган. 2013-жылы Камчыбек Ташиев бийликти басып алуу кылмыш ишинин фигуранты болуп жүргөн кезде, кичүу иниси аны колдоп түрдүү митингдерди жана каршылык акцияларын уюштуруп турчу. Мындай митингдердин биринде 2013-жылы акциянын катышуучулары облустук администрациянын имаратын басып алып, Бишкек - Ош жолун тосушкан. Бул окуядан кийин сот Шаирбек Ташиевди жана митингдин башка катышуучуларын шарттуу түрдө үч жылга кескен. Бирок, маалым болгондой, өткөн жылдын июнь айында, шайлоонун алдында, Жогорку сот Шаирбек Ташиевге карата чечимин жокко чыгарган.

2013-жылдан кийин Шаирбек Ташиев үй-бүлөлүк бизнести "Жалал-Абад нефть иштетүүчү завод" ЖЧКсын жетектей баштаган. Ошол эле маалда Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты да болчу.

2020-жылы Шаирбек Ташиев "Мекенчил" партиясынан парламенттик шайлоого катышкан болчу. Партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири агасы Камчыбек.

2021-жылы ноябрда өткөн Парламенттик шайлоого Шаирбек Жалал-Абаддын №14-округунан катышып, Жогорку Кеңешке өткөн.

Шаирбек Ташиев шайлоого элдин суранычы менен баратам деп баса белгилеп айтчу.

"Саясатка аралашпай эле коеюн деген оюм бар болчу. Бирок, кээде эл менен сүйлөшүп каласың, кээде жардам берип каласың. Биз эми элдин арасында эле жүрөбүз да. Агаңыз республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип, ошол жакта болуп жатат. Биздин социалдык көйгөйлөрдү айта турган өзүбүздүн депутатыбыз болсо, деген сунуш түшүп атат. Акыры ушул кадамга бара окшойм. Себеби, элдин жүгүн көтөрүү дегенде, элим-жерим дегенде биз жаныбызды аябайбыз. Акыркы кашык каныбыз калгычакты элим-жерим деп гана өтөбүз. Элиме эч кандай саясаты, интригасы жок эле кызмат кылам деген ниетим бар. Эл сунуштап жаткандан кийин, аларга каршы жооп бере албай атам", - деп Шаирбек Ташиев айтып берди.

Шаирбек Ташиевдин шайлоо алдындагы үгүт иши ызы-чуусуз өтпөй койгон жок. Аны белгиленген мезгилден эрте үгүт иштерин жүргүзө баштады деп айыпташты. Себеби Камчыбек Ташиев Барпы айылында муктаж болгон үй-бүлөгө турак жай белек кылган.

Шайлоо мыйзамы боюнча талапкердин жакын туугандарына, жолдошуна/жубайына, талапкердин жана саясий партиянын өкүлдөрүнө үгүт иштери учурунда кайрымдуулук менен алектенүүсүнө тыюу салынат. Натыйжасында Шаирбек Ташиевге кат жүзүндө эскертүү берилди.

Шаирбек Ташиевге участокко келгендердин 62,08% добуштарын беришкен.

Камчыбек Ташиев, инисинин жеңип чыкканында анын эмгеги чоң экенин жашырбайт.

"Эл менен болгону бир-эки эле жолу жолугуп, депутат болуп өтүп кетти. Албетте, мында менин да эмгегим бар. Мен ар дайым ага жардам берип турам", - деп 23-январда берген басма-сөз жыйынында билдирген.

Парламентте Шаирбек Ташиев бир да жолу сөз сүйлөп, элдин эсинде калууга үлгүргөн жок.

Болот Темировдун журналисттик иликтөөсүндө Шаирбек Ташиевдин аты Region Oil компаниясына байланыштуу эскерилген. Аталган компания мамлекеттик продукцияны чет өлкөгө сатып ортомчулуктан ири киреше табат. Анын негиздөөчүсү Назгүл Айдарова. Ал Шаирбек Ташиевдин ишканасында бухгалтер болуп иштейт. Андан тышкары, парламенттик шайлоодо анын ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Журналисттик иликтөө жараткан ызы-чуудан кийин Камчыбек Ташиев жеке репутациясын сактап калуу максатында, кичүү иниси Шаирбек Ташиев саясаттан жана Жогорку Кеңештен кете тургандыгын жар салды.

"Биз жакында сүйлөштүк. Бир үй бүлөдөн бир эле саясатчы болсун деп. Бизге көп сын айтылып жатат. Ал макул болду. Эмки жумада, үчүнчү күнү жыйын болот, Шаирбек ошондо өзүнүн депутаттык мандатын тапшырат", - деди Камчыбек Ташиев.

Шарибек Ташиев мандатын тапшыргандан кийин, шайлоо мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шайлоо округунда кайрдан шайлоо өтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5302