Шаирбек Ташиев: Эл суранып жатканда жок дей албай экенсиң
RU

Шаирбек Ташиев: Эл суранып жатканда жок дей албай экенсиң

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев шайлоого катышат. Бул тууралуу ал журналист Канышай Мамыркуловага берген интервьюсунда айтып берген. Видео анын YouTube-каналына жарыяланган.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого катышуу боюнча түрдүу сунуштар түшүп жатат.

"Саясатка аралашпай эле коеюн деген оюм бар болчу. Бирок, кээде эл менен сүйлөшүп каласың, кээде жардам берип каласың. Биз эми элдин арасында эле жүрөбүз да. Агаңыз республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип, ошол жакта болуп жатат. Биздин социалдык көйгөйлөрдү айта турган өзүбүздүн депутатыбыз болсо, деген сунуш түшүп атат. Акыры ушул кадамга бара окшойм. Себеби, элдин жүгүн көтөрүү дегенде, элим-жерим дегенде биз жаныбызды аябайбыз. Акыркы кашык каныбыз калгычакты элим-жерим деп гана өтөбүз. Элиме эч кандай саясаты, интригасы жок эле кызмат кылам деген ниетим бар. Эл сунуштап жаткандан кийин, аларга каршы жооп бере албай атам", - деп Шаирбек Ташиев айтып берди.

Бир мандаттуу округдан же партиянын тизмеси менен чыгабы тактаган жок.

Эске салсак, Шаирбек Ташиев - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү иниси. Көп жыл бажы кызматында иштеп, кийин бизнеске өткөн. "Джалал-Абадский нефтеперерабатывающий завод" ЖЧКсынын директору. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да ушул жылдын апрель айында Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты болгон. Бирок 4-октябрда мандатын тапшырган. Себеби белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3877