Шаирбек Ташиев мандатын тапшырганда эмне болот?
RU

Шаирбек Ташиев мандатын тапшырганда эмне болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, анын иниси - Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат, деп билдирди.

"Биз жакында сүйлөштүк. Бир үй бүлөдөн бир эле саясатчы болсун деп. Бизге көп сын айтылып жатат. Ал макул болду. Эмки жумада, үчүнчү күнү жыйын болот, Шаирбек ошондо өзүнүн депутаттык мандатын тапшырат. Мен кеткенден кийин саясатчы боло берет", - деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, Шаирбек Ташиев - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Парламенттик шайлоого Жалал-Абаддан, бир мандаттуу №14 округдан катышып, депутат болгон. Бул коомчулуктун сын пикирин жараткан болчу.

Эгер Шаирбек Ташиев чындап эле мандатын тапшыра турган болсо, демек бир депутаттык орун бошойт. Мындайда, 59-беренеге ылайык, президент кайра шайлоону белгилөөгө тийиш.

"Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңешке шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же болбосо бир жылдан аз калганда чыгып кеткен учурда, чыгып кеткендердин ордуна депутат-тарды шайлоо өткөрүлбөйт", - деп Жогорку Кеңештин шайлоо жөнүндөгү мыйзамда жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5297