Камчыбек Ташиев: Иним Шаирбек депутаттык мандатын тапшырат
RU

Камчыбек Ташиев: Иним Шаирбек депутаттык мандатын тапшырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда журналисттерге пресс-конференция берип, бир катар суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, ал ар дайым мамлекет үчүн, элге пайда алып келем деп гана иштеген жана иштеп келет.

"Мына Шаирбек тууралуу маалымат берип коеюн. Шайлоонун алдында аны мамлекеттик иштерден четтетим. Эл менен болгону бир-эки эле жолу жолугуп, депутат болуп өтүп кетти. Албетте, мында менин да эмгегим бар. Мен ар дайым ага жардам берип турам. Биз жакында сүйлөштүк. Бир үй бүлөдөн бир эле саясатчы болсун деп. Бизге көп сын айтылып жатат. Ал макул болду. Эмки жумада, үчүнчү күнү жыйын болот, Шаирбек ошондо өзүнүн депутаттык мандатын тапшырат", - деди Камчыбек Ташиев.

Шаирбек Ташиев - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Парламенттик шайлоого Жалал-Абаддан, бир мандаттуу №14 округдан катышып, депутат болгон. Бул коомчулуктун сын пикирин жараткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5279