Сом рублден бошонду. Бул жакшыбы же жаманбы? Эксперт түшүндүрөт
RU

Сом рублден бошонду. Бул жакшыбы же жаманбы? Эксперт түшүндүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясий серепчи Денис Бердаковдун айтымында сомду рублден бошотуу (отвязать) начар чечим болчу, бирок башка варианттар мындан да кейиштүү болмок.

"Кыргызстандын Улуттук банкы рублдин курсун форекс аркылуу аныктап калганын бардыгы көрсө керек. Кыргызстан үчүн бул эмне дегенди билдирет?

Натыйжасында эмгек мигранттардын акча которуулары кунун жоготот. Алар Россияда калып, ал жака үй-бүлөсүн көчүрүп кетүүгө аргасыз болушат. Кытай менен товар өткөрүү чынжырчасында чоң айырмачылык болуп калат. Себеби, ал жакта эсептешүү доллар менен жүрөт.

Кыскача айта турган болсок, биз 230-320 миллиард рублдик массадан баш тарттык. Мындай сумма жыл сайын бизге мигранттардан келип турчу. Доллар сомго карата бир калыпта кала берет, ал эми рубль сомго салыштырмалуу арзандайт. Бул өтө начар чечим, бирок альтернативдүү вариант мындан да кейиштүү болмок - бир доллардын баасы 135 сомго чейин девальвация болмок (азыркы тапта $1 - 105 сом, үч жума мурун 85 сом болчу).

Мигранттар боюнча - алар тез арада Кыргызстанга кайтып келиши керек, бирок көпчүлүгү РФке үй бүлөсүн алып кетүүгө аргасыз болушат. Ал жерде жумуш да болот, айлыгы да төлөнөт. Кыргызстанга салынган акчанын куну жок болуп калат.

Россия менен соода-алаканы рубль менен жүргүзгөн ыңгайлуу болот. Ошол эле маалда, аларга 3-5 миллиард долларга товар сатпай туруп кайра эч нерсе сатып ала албайбыз. Буга чейин Кытай менен Түркиядан алып, кайра Россияга сатып келгенбиз. Биздин банктарда уставдык капитал 10-20 миллион доллар. Рубль өтө көп түшүп, банктар аларды кабыл алуудан баш тартат.

Биздин экономикага рублдин кереги деле жок, себеби биз Россиядан рублга эч нерсе деле сатып алчу эмеспиз. Жада калса, газ менен бензинди да доллар менен алабыз.

Балким, өкмөттүк деңгээлде "Газпром" менен нефть компаниялары биздин банктардан рублдерди кайра сатып алсын, деп макулдашып алышат, бирок бул деле аздык кылат. Эгер биз айыл чарба жана тоо-кен өндүрүшүнүн циклин толук ишке ашырсак, туризмди тиешелүү деңгээлге көтөрсөк, анда, теориялык жактан беш жылдан кийин кандайдыр бир баланска чыгышыбызы мүмкүн. Жалпысынан алганда, биз эки ортодо калдык. Себеби дүйнө жүзү соода-сатыкты жалаң доллар менен жүргүзөт. Керек болсо кытайлыктар өздөрү өндүргөн товарды юань менен саткысы келбейт. Маселен, дордойдогулар кездемени доллар менен сатышат. Анан калса юанды кайдан алмак элек, эгер Кытайга эч нерсе сатпасак?

Тиги жакта [Россияда] бардыгы баш-аламан, хаос болот. Бул жактагылар [Кыргызстанда], мындайча айтканда белди бекем буугула. Жууп-тазалоочу каражаттарга, тамак-ашка жана бир катар буюмдарга болгон инфляция жайында 50%га жетет. Россиялык дистрибьютерлер аркылуу келген техниканын баасы бир жылда 200%га көтөрүлөт. Азыркы күндө сникерс да дефицит боло баштады.

Бизге капитализм Россия аркылуу келген - ири соода дистрибьютерлерге ошолор аркылуу байланганбыз (прокладкадан тартып холодильниктерге чейин. Айтмакчы, Россияда прокладкалар 45%га кымбаттаган). Дегеле, логистика толугу менен алар аркылуу жүргүзүлчү.

Кытайдан биз аркылуу өтө турган темир жол биз үчүн жөн гана өнүгүү варианты эмес - бул эми экспорттук-импорттук мамилелени куруу үчүн жападан жалгыз вариант болуп калды өңдөнөт.

Кыймылсыз мүлккө болгон баа доллар менен алганда арзандайт. Тез арада жана узак убакытка. Бирок унаалар арзандабайт, бул талашсыз", - дейт Денис Бердаков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5978