Айсара Абдибаева Кыргызстанга доллардан баш тартууну сунуштады
RU

Айсара Абдибаева Кыргызстанга доллардан баш тартууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айсара Абдибаева Кыргызстанга доллардан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү токтомду министрлер кабинети өзү кабыл ала алат.

"Доллардан баш тартышыбыз керек. Жашообуздун баары долларга көз каранды болуп калды. Калктын 80-90% насыя менен жашайт. Улуттук банктын доллар менен насыя берүүгө тыюу салынган чечими бар. Ага карабай коммерциялык банктар доллар менен насыя берип жатат. Демек, Улуттук банк карап отурбашы керек. Россия доллардан баш тартып жатат. Бизде да болот. Мурда сом "19 цент болуп турганда да кандайдыр бир жол менен долларсыз жашап келгенбиз. Ошондой кылсак болот. Доллардын курсунун көтөрүлүшүнөн улам жада калса алып-сатарлар жумурткага да бааны көтөрүп алышкан" ,- деди Абдибаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5938