Россиядагы кыргыз мигранттар Кыргызстанга кайтып келеби?
RU

Россиядагы кыргыз мигранттар Кыргызстанга кайтып келеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын бийлиги геосаясатты жүргүзүүдө ким тарапта болот? Россиядагы мигранттарыбыздын абалын эске алып, орус жетекчилигин колдойбу? Же дүйнө коомчулугуна кошулуп, РФтин Украинадагы жүргүзгөн согуш аракеттерин сынга алабы? - деген суроолордун тегерегинде тартыш жүрүп жаткан чакта, Kaktus.kg РФте жүргөн бир нече мигранттарга кайрылып, бир катар суроолорун узатты.

Диаспора эмне дейт?

Москвадагы кыргызстандык мекендештердин "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтымында, аларга жумуш берүүчүсүнө арызданып эч ким кайрыла элек.

"Москвада чет элдик компаниялардын кызматкерлери ишсиз калды. Айрым компаниялар, мисалы McDonald's жабылганына карабастан кызматкерлерине айлык төлөп жатыптыр. Анда кыргыздар көп иштечү", - дейт Шакиров.

Азырынча бардыгы жайында, массалык түрдө Кыргызстанга кетүүлөр байкала элек. Албетте, кетип жаткандар жок эмес. Бирок көпчүлүк күтүп жатышат.

Диаспорага берилген маалыматка ылайык, Москва облусунда көпчүлүк кызматкерлердин айлыктары кыскарган.

"Айлыкты кесүүгө негиз жок. Болгону валюттук эквивалентте маяна азыраак болуп калды. Башка өлкөлөрдөн көз каранды эмес россиялык компаниялар айлыктарды көтөрөт деп күтүп жатабыз. Азыр бардыгы күтүп турган кез. Биз ар дайым мекендештерибизди колдоого даярбыз", - дейт Абдыганы Шакиров.

Азыр бардыгы кыйналып турат, согуш деген жаман эле нерсе да. Биздин жарандар Россияга жыргаганынан келген жок. Бул жылдары 600 кыргыз Россиянын жарандыгын алды. Ушундай кырдаала кетип калган туура эмес, орус эли менен бирге болушубуз керек.

Жалаң россиялыктарды жумушка алып жатышат деген чынбы?

Социалдык тармактарда жалаң жергиликтүү элди жумушка алып жатышат деген сөздөр айтылууда. Бирок расмий түрдө бул маалыматты тактай алган жокпуз.

"Бул жөн эле сөз. Фейк маалымат. Аны атайы эле кырдаалды дестабилизациялоо үчүн чыгарып жатышат. Албетте, коомчулукту бөлүп жаргысы келген күчтөр бар. Бирок дагы бир жолу кайталап кетким келет. Мигранттарда бардыгы жайында. Россиялыктар такси чакырганда да орус шопур менен гана жүрөт экен, деген создөр да калп. Москвада 5 миңге чукул кыргыз балдар такси айдап иштешет", - дейт "Кыргыз биримдигинин" жетекчиси.

Россиянын бийлиги тарабынан мигранттарды кеткиле деген чакырыктар айтылган эмес.

Мигранттар бул тууралуу эмне деп жатышат?

Көпчүлүгү азырынча эмне кылышты билбей тураарын белгилешти. Алар келечекте эмне болуп кетээрин билишпейт, ошондуктан эч кандай чечим чыгара элек.

***

- Жети жылдан бери айдоочу болуп иштейм. Буга чейин таксист болчумун, азыр автобус айдайм. Кыргызстанга апрелде бармакмын, ата-энемдикине. Бирок биротоло кайтпайм. Мигранттарга болгон мамиленин өзгөргөнүн азырынча байкай элекмин.

***

Москвада официант болуп иштейм. Биздин ашпозчуларыбыздын бардыгы - Өзбектер, тейлөөчүлөр кыргыздар, украиналыктар, региондон келген орустар. Эч кимибиз кетебиз деген жокпуз. Башка тармакта иштеген мекендештеримдин арасында да кетем дегендерин уга элекмин.

***

Мен он жылдан бери маникюр жасап иштейм. Москвада эле калам. Азырынча менин кызматыма суроо-талап бар. Болгону акчамды кантип Кыргызстанга салам, ошону ойлонуш керек болуп жатат.

***

Май айында Кыргызстанга кетем. Кайра келемби билбейм. Бишкекте мугалим болуп иштечүмүн. Бул жакта кассирмин. Кыргызстанда бул жакта тапкан акчаны таппайт болушум керек. Жаш курагымды эске алганда, чет тилди үйрөнүп, башка өлкөгө кетүүгө оор болуп калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5968