Референдумду дайындоого депутаттык мандатын тапшырган Максат Сабиров да кол коюптур
RU

Референдумду дайындоого депутаттык мандатын тапшырган Максат Сабиров да кол коюптур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Референдум тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо, аны Жогорку Кеңешке сунуштоо тартиби жана каралуусунун сапаты улам жаңы суроолорду пайда кылууда.

Kaktus.media'га мыйзам долбоорун коштогон катты изилдеп чыкты. Белгилей кетчү жагдай, документ кайсы күну даяр болгонун көрсөто турган күн каттын бурчунда жазылып туруш керек болчу, бирок ал жакта эч нерсе жок. Коюлган мөөргө ылайык, документ 1-мартта келип түшкөн.

Каттын текстинин алдына демилгени көтөрүп чыккан төрт депутаттын гана фамилиялары дазылган. Калган депутаттар кадимки А4 баракчаларга кол коюшкан. Анда эч кандай мөөр басылган эмес, жана бул документ так ошол коштоочу катка тиешеси бар экенин тастыктаган эч кандай айырмалоочу белгилери жок.

Кол койгондордун бири Алмазбек Акматов. Ал 28-февралда каза болгон. Бирок белгилүү болгондой, бул документтин нускасы экендигинен күмөн жараткан жалгыз факт эмес экен. Маселен тизмеде Максат Сабировдун да кол тамгасы бар. Ал белгилүү болгондой 24-февралда мандатын тапшырып кеткен. Рыскелди Момбековдун маалыматы боюнча ал АКШга кетип калган.

"Ал 24-февралда эле депутат болбой калган, билишимче ал ошол күндөру эле АКШга эки айга жөнөп кеткен. Ал кантип мыйзам долбоорду демилгелеп, кол койду, эгер мамлекетте жок болсо? Бул документ өтө көп суроолорду жаратып жатат", - деди Момбеков.

Президенттин тарапташтары жана депутаттардын бир тобу 10-мартка чейин мыйзам долбоорду кабыл алуу аракетин көрүп жатышат. Алар 11-апрелге жетишип калуунун далалат кылышууда. Ошол максат менен мыйзам долбоорду биринчи окууда шашылыш эле кабыл алышты. Жада калса, СИЗОдо отурган Дүйшөн Төрөкуловдун атынан да добушун беришкен.

Эмне үчүн бул маанилүү?

  • Азыркы чакырылыштагы депутаттар жогору жактан түшкөн документти тиешелүу деңгээлде изилдебей туруп, тез арада бекитип беришти. Депутаттардын мынчалык тил алчаактыгы парламент идеясынын өзүн дискредитация кылып жатат. Демек парламент өз алдынча көз карандысыз бийлик бутагы эмес.
  • Эксперттер жана юристтердин пикири боюнча, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүн созуп алышкан, ошондуктан айрым гана катардагы функцияларды аткара алат. Ал эми конституциялык реформаларды кабыл алууга акысы жок.
  • Конституциянын долбоору даярдалып жаткан күндөн тартып эле юристтер көп сандаган мыйзам бузууларды белгилеп келе жатышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/863