Максат Сабиров депутаттык мандатын тапшырды
RU

Максат Сабиров депутаттык мандатын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда, Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйын учурунда депутат Максат Сабиров мандатын тапшырды.

Сабиров кесиптештерине, көлдүк жердештерине жана партиялаштарына көп жыл бирге иштешкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Депутат эмне үчүн мындай чечим кабыл алганын түшүндүргөн жок. "Ушул трибунада туруп, мандатымды өзүмдөн кийинки жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим", - деп депутат айтты.

Эске салсак, Сабиров 2010-жылы "Республика" партиясынан депутат болуп шайланган, ал эми 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/776