Алмазбек Акматов референдумду дайындоо боюнча документке кол койду. Бирок, ал каза болгон
RU

Алмазбек Акматов референдумду дайындоо боюнча документке кол койду. Бирок, ал каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-мартта Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдумду 11-апрелде дайындоо тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. 87 депутат "макул" деген добушун берип, 9у каршы болушкан.

Мыйзамдын долбоорун талкуулап жатканда бир нече депутат регламент бузулганын жана документ алмаштырылганын айтып чыгышты. Алардын айтмында, документти коомдук талкууга чыгарууда тиешелүү талаптар сакталган эмес.

Андан тышкары, Дастан Бекешев жаңы Конституциянын демилгечилери Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, Бактытбек Турусбеков жана Мирлан Бакиров экенин айтты. Ал эми калгандары, Турусбековдун айтып жатан 80ден ашык адам, башка мыйзам долбооруна кол коюшкан. Алардын колдору коюлган барактарды жөн гана коштоочу катка тиркеп коюшкан, бул "подлог" деп Бекешев белгиледи.

Kaktus.media ошол документти, коштоочу катты көрдү. Белгилей кетчү жагдай, каттын бурчунда кол коюлган күн жазылыш керек болчу. Бул документте андай жазуу жок. Каттын текстинин алдында демилгечилер деп аталган төрт депутаттын кол тамгалары коюлган.

Калган депутаттар кадимки А4 баракчаларга кол коюшкан. Анда эч кандай мөөр басылган эмес, жана бул документ так ошол коштоочу катка тиешеси бар экенин тастыктаган эч кандай айырмалоочу белгилери жок.

Дагы бир жагдай. Катта: 01.03.2021-ж., деген дата жазылган. Ал эми каттын төмөн жагында Алмазбек Акматовдун колу коюлган. Бирок, эсинерге сала кетели, Акматов андан бир күн мурун, 28-февралда каза болгон. Ушундай да болобу?

Спикер Талант Мамытов Бекешев документтер алмаштырылган деп айтып чыкканда, "подлог" деп айтып жатпайсызбы, бир аз терминдерди туура пайдалансак, деп жооп кайтарды. Муну дагы кантип атаса болот?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/858