Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов кечээ, 28-февралда дүйнө салды
RU

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов кечээ, 28-февралда дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-февралда Жогорку кеңештин депутаты Алмазбек Акматов каза болду. Бул маалыматты Жогорку Кеңеш тастыктады.

Басма сөз кызматы берген маалымат боюнча, депутат кечээ түндө, узак оорудан кийин үзүлгөн.

Алмазбек Акматов 2015-жылы, "Бир Бол" партиясынан депутат болуп шайланган. Агрардык саясат жана суу ресурстары комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Парламентке келгенге чейин президенттин башкармалыгында көп жыл иштеген. Бишкек, Чүй жана Талас облустарынын эсеп палатасынын регионалдык башкармалыгын жетектеген.

25-февралда Жогорку Кеңеш аны Эсеп палатасынын аудитору кылып беш жылга шайлаган.

Алмазбек Акматов үйлөнгөн, беш баласы бар болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/811